Фейсбуктун Аскат Эрменканов аттуу колдонуучусу учурдагы чынжырчага айланган абалдан чыгуунун өз көз карашындагы жолун сунуштаган:

(өзгөртүүсүз берилди)

Кыргызстандагы азыркы абалды карап туруп, бул кырдаалдан чыгуу үчүн төмөндөгүдөй ойго келдим.
1. ЖК кезексиз жыйынга чогулуп мыйзам кабыл алуусу керек:
а) Парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылсын. (эпидемиологиялык абал турукташканга чейин)
б) Азыркы ЖКнын ыйгарым укуктары кыскартылсын. Милдети кеңейтилген Коопсуздук кеңешине жүктөлсүн!
в) Бардык аткаруу бийлиги Президентке убактылуу өткөрүлүп берилсин. (Өкмөт убактылуу жоюлат)

Эми туугандар мунун жыйынтыгы кандай болот?!!!

2. Бардык бийлик, жоопкерчилик Президентке өтөт. (Мыйзамдуу жагына УӨ буга мисал)
3. Шайлоого, Өкмөткө жана ЖКга сарпталуучу каражат үнөмдөлөт. (Шайлоого 800 млн сом, Өкмөттүн жана ЖКнын айлык акы ж.б чыгымдары)


Бул өтө чоң каражат.☝️ Керек болсо ушул каражатка эле ооруканаларды салып, медиктерге ж.б кызматкерлерге кошумча айлык, кенемте төлөп, медициналык жабдууларды алууга толук мүмкүн!


4. Шайлоо мөөнөтү кайсы бир мөөнөткө жылдырылат. (Элдин саламаттыгынын коопсуздугу үчүн эпидемиологиялык абал турукташканча. Минимум 1 жылга болот. )
5. Президенттин указы мыйзамдын күчүнө тете болот! (ПМ ден губернатор, аким, мэр, айыл өкмөтүнө чейин жада калса сотторду, прокурорлордун дайындайт жана бошотот! Себеби жоопкерчиликти алуу үчүн ушундай болуусу зарыл!)
Милдет, жоопкерчилик бир кишиде болсо, ырааттуулук, тартип болот жана жыйынтыгын бир адамдан талап кылгандай бололу да?!

Достор азыр абал мындайча айтканда согуштагыдай эле болуп жатат. Мындай шартта парламентаризм, демократия, адам укугу, мыйзам дегендер кайсы бир деңгээлде чектелет! Себеби кырдаал ошону талап кылып жатат! Бардыгы ырааттуу болушу үчүн демек бийликтин вертикалдуулугу болуусу абзел!


Антпесе Кыргызстандагы абал туңгуюкка баратат. Себеби азыр эч ким жооптуу, жоопкерчиликтүү эмес!!! 👎

Тобокелчилик : Туура ошону менен бирге эле кемчилиги диктатура да болушу мүмкүн. Бирок андай болсо аягы жакшы болбошу тарых 2 ирет далилдеген.