- Сабыр байке, маегибизди уланталы. Бүгүнкү сөздү алдыда келе жаткан парламенттик шайлоо темасына бурсам деп турам. Саясый партиялар, ар кандай коомдук уюмдар активдешип, сүйлөшүп, кошулуп, биригип аткандыктары тууралуу маалыматтар көбөйө баштады. “Бийлик кимди колдойт, админресурс кимге жардам берет”- деген тема эл оозунан түшпөй турат. Жакында ЖМКларда, соцтармактарда: “Бийлик Асылбек Жээнбеков сүрөп аткан “Биримдик” партиясын, Сооронбай Жээнбеков канатынын астына калкалаган Раим-миллиондун “Мекеним Кыргызстан” партиясын, Бабанов көчүгүн кыскандан кийин президенттин кудасы Абжалиев көзөмөлдөп калган “Республика” партиясын, алкомагнат Шакинин Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясын парламентке өткөрүү планын кабылдаптыр”- таризинде маалымат таркап, кызуу талкууланып жатат. Сиздин ойлоруңузду уксак. Ушул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жакын, жана ишке ашуу мүмкүнчүлүгү бар?

- Биз де-юре парламенттик, де-факто президенттик өлкө болуп өмүр сүрүп келе жатабыз. Жалпы элдик добуш менен шайланган президентке болгон жоопкерчилик өтө жогору. Эл деген юридикалык “тонькосторуңду” талдап отурбай, бир кишиге карап, бир тараптан жооп сураганды туура көрүп жатат.

Баары бир өлкөдөгү жаманга да, жакшыга да жоопту президенттен сурайт экен. Анан президент айласыз... кааласа да, каалабаса да акыры жоопкерчилик мойнунда экенин сезип, өлкөдөгү өкмөттүн, парламенттин, деги эле баардык тараптын ишине кийлигишкенге мажбур. Мыйзам боюнча кийлигишпей турган жактарга да кийлигишкенге мажбур.

Анткени эл тараптан болчу талап аны мажбур кылып атат. Жоопкерчиликти мойнуна ала турган парламент менен өкмөт да ошол жалпы элдик маанайды, элдин бир адамдан сурагысы келээрин, сураарын билип, мыйзамды унутуп, мыйзам боюнча өз алдынча жоопкер экендиктерин көз жаздымда калтырышып, баары президенттин оозун карап, анын ишаратын күтүп отурушат.

Биз ушундай мыйзамдык казус менен жашап келе жатабыз... Анан ушундай жагдайда парламент тараптан ишенимдүү колдоо болсо президентке жеңил болуп, алдыга койгон максаттарын аткарууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Албетте элим деген, сол чөнтөккө солобогон президент болсо. А эгерде ызы-чуу, мушташтан башы чыкпаган парламент болсочу? Анда президентке да күн көрсөтүшпөйт да.

Ошондуктан ким болбосун, кандай президент болбосун өзүнө ыктуу, колдоо көрсөтө турган саясый күчтөрдүн парламентте болушуна кызыкдар. Бул мыйзам ченемдүү каалоо. Ар дайым ошондой болуп келген, боло берет. Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаев президент болсо деле ошону каалашат. Тамырын кыркчулар келишин ким кааласын?

Албетте бул, азыркы биздикиндей шартта ошондой болуп атат, кийин таза парламенттик, же президенттик башкарууга өтсөк анда башкачараак нукка өзгөрөт. Бирок ошондо да негизги жоопкерчилик мойнунда турган саясатчыга же саясый институтка колдоо керек болот. Өлкөдөгү өзүнө лоялдуу саясый партияларды колдойт, биргелешип аракеттенет. Мыйзам чегинде, албетте. Ансыз болбойт.

Анан эми жогорудагы сен айткан партиялар тууралуу. Биздин парламент негизинен байлар, олигархтар менен бийликтин адамдарына, тууган-туушкандарына толуп калган.

Мандат сатууга кенен-кесири жол берген шайлоо системасы ушуга жол ачты. Азыр да бул системаны өзгөрткүлөрү келбей 9%, 7% деп эрмектеп жатышат. Анткени акчалууларга ыңгайлуу, баш оорутпай мандат сатып алып отура бересиң.

Жаңы күчтөргө, жаштарга жол жок. Ошон үчүн алар байларга каршы кыжырданып көтөрүлүп жатышат. Негизи бул шайлоо системасы урайт. Жаштар, жаңы муун уратат. Бу сапар болбосо да эмкисинде Шайлоо кодексине кардиналдуу өзгөрүүлөр киргизилет деп ишенем. Шайлоо адилет, баарыга тең болуш керек. Андай болбосо чатак, жаштар, кедейлер көтөрүлсө тополоң, төңкөрүштөн башыбыз чыкпай 1917-жыл кайра келет. 

Анан жанагы жогорудагы партиялар... Ал партиялар албетте буга чейин да, азыр да бийликти колдогон партиялар. Бизнесин, байлыгын калкалап, кара-жанын ойлогон, элдин кызыкчылыгын экинчи планда кармаган, бийликти колдонуп баюуну улантып келе жаткандар арасында көпчүлүктү түзгөн партиялар.

Экинчиден ал партиялар - бийликтен колдоо алды деген партиялар - алар дагы бийлик да. Анан ошол “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Республика” партиялары эмне кылып атышат. Алар: “Биз ар дайым бийликти колдоп келдик, колдоп жатабыз, биз ишенимдүүбүз, дагы деле бийликти колдой беребиз, анан бизди эмнеге түртмөк эле, бизге эле таянат”- деген ишеним менен өзүлөрүнчө күдүңдөп иш аракетин кылып атышат.

Таасирдүү адамдарды катарына тартуу үчүн “сүйлөштүк, бата алдык, бизди колдоп атат, бизге келсеңер өтөсүңөр, бизге келгиле”- деген сөздөр чыгып атат. Албетте азыркы депутаттардын, саясатчылардын бир тобунун президент, анын аппараты менен жылуу мамилеси бар. Ошолордун көбү “мыйзам чегинде аракеттенсем, бийлик бут тоспойт, өтөм” деген ишеничи бар.

А кеп чынында президент тараптагылардын бири да, эч кимге андай кепилдик бере албайт. Азыр заман башка. Баягы Садыркуловдукундай 7-кабаттан эле протокол толтуруп койо албайсың. Админстративдик таасири бар дечи, бирок албетте чечүүчү роль ойнобойт.

Анан дагы ошол жоромол чын чыгып, президенттик апарат ошол ууру кескилер жык толгон төрт партия менен тымызын келишимге барганы чын болсо, анда ит болбойбу? Эл жерге түкүрүп, жүзүн үйрүп кетет.

А эгерде ошол байлардын акча таратып, добуш сатып алып, ж.б. мыйзам бузууларына тоскоол болуп колго чаап, жазалап, шайлоодон чыгарып жаткан болсо, анда кантип тиги “поэмага” ишенесиң? Ал “поэма” жалган болуп, оппозиция калпычы болуп, эл ишенбей калат да...

Менимче президенттин командасы эч качан андай убада берип, мыйзам бузууларга бара албайт. Ал керек да эмес. Президент: “Мыйзам чегинде аракеттерди көргүлө, эл киминерди шайласа биз ошолор менен иштешебиз”-деп ачык айтты. Ишенбегенге негиз жок. Эмне кылат башын оорутуп, бирөөнө жаман, бирөөнө жакшы көрүнүп. Туура кылып атат “эл шайлагандар менен иштешем”- деп.

- Анда тиги сөздөр жалганбы? Кайдан чыгып атат? 

- Шайлоо деген бул күрөш. Беш жылда бир келе турган чоң “Аламан”. “Мындай тойдо кыз жоголот” демекчи, мындай “аламанда” бийлик өзгөрөт, оошот. Бийлик талашкан оппозициялык күчтөргө шанс келип атат, алар активдешип атат. Күрөш ар дайым бийлик, бийликчил күчтөр менен бийликке каршы күчтөрдүн ортосунда жүрөт.

Оппозициялык тарап бийликти дискредитация кылып, абийрин төгүп электоратты, саясый күчтөрдү өзүнө тартышы керек. Бул класикалык ыкма. Фабулага чыккан ошол ойтолгоо ал Алмаз Темирбектики эмес, ал азырынча ачыкка чыкпай, сырын байкатпай кол салып аткан эртеңки, накта оппозициянын тереңден кол салуусу. Разведка боем деп койсо болот.

Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт. Үңүлүп анализ кылбай жутуп койо турган жөнөкөй “обывателдерге” багышталган. Андыктан, бийликке өмүр боюу ишеним артпай, тажанып келген карапайым элдин арасында, “а-аа, баягы эски таз кейпибизге кеткен турбайбызбы”,- деген маанай жаратып, оппозиция каалаган эффектиден аз болсо да, өз таасирин берди.

Эми бул “поэманын” кийинки куплеттери жакшы жазылса, элдин маанайын оппозиция тарапка бурууга негиздер кеңейет. Экономикалык абалдын начарлыгы, пандемиянын залалдары, жаштардын, элдин байларга болгон жек көрүү сезимдери, өкмөт башчыга байланыштуу чуулган, ж.б.у.с. факторлор кошул ташыл болуп кетиши мүмкүн.

Бийликтин, жогорудагы олигархтар жыйылган төрт партияга жан үрөбөй, башка партиялар менен бирге тегиз иш алып баруусу менен гана, бул жалаа өзүнөн өзү солгундап барып жок болот. А эгерде, чындыгында эле бийлик админстративдик ресурсту кенен-кесири колдонуп, бирөөлөргө ыксыз бут тосуп, башкаларга жашыл светофор койгону ачыктан-ачык боло баштаса, анда оппозициянын көктөн тилегени жерден табылганы.

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити