Мындан туура 10 жыл мурда түштүк жергесинде кайрадан улуттар аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адамдар каза таап, миңдеген мекендештерибиз үй-жайсыз калганы азыр да эсибизде. Жүрөк титиреткен кандуу кагылышуулардын азабын айрым адамдар азыркыга чейин тартып келатышат. Мына ошол кайгылуу окуялардын басылышына өз салымын кошкон адамдардын катарында – биздин бүгүнкү маектешибиз, эл уулу Камчыбек Ташиев да болгон. Бул окуялардын чыгышына эмне себеп болгон? Жеке К.Ташиев үчүн бул окуялардын мааниси кандай? Ушулардын тегерегинде учкай сөз кылдык...

- Камчыбек Кыдыршаевич, он жыл мурдагы Ош окуясы сиз үчүн эмне?

- Мен бүгүнкү күндө да, арадан он жыл убакыт өтсө да, ал окуяларды эстегенимде жүрөгүм тилинип, тытылып кеткендей болом. Ошол күндөрү элим тушуккан каран күнгө кантип ыза болсом, мына бүгүн деле өз көзүм менен көргөн нерселерди эстегенде, көзүмдөн жашым тегеренип кетет. Андайды бир дагы элдин башына салбасын! Жүздөгөн бейкүнөө адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөндү. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды. 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад окуялары мен үчүн кыргыз тарыхында жазылып калган кара так, улуттук трагедия күнү! Билбейм, өзүм анда эл аралап, болуп жаткан окуяларды жонтерим менен сезбегенде, мынчалык маани бербесем керек эле... Бирок, өрт күйгөн жердеги мыкаачылыкты, айбанчылыкты өз көзүм менен көргөн адам катары айтып коюушум керек, элимди Алла Таалам мындай апааттан сактасын! Экинчи жергебизде мындай окуялар болбосун!

- Парламент депутаты катары “Ош окуясынын күнөөкөрлөрү жазалансын!”- деп кыйкырып жүргөнүңүздү билебиз. Азыркы көз караш менен караганда, бул окуялардын тутанышына ким күнөөлүү?

- 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин өлкөдө абдан оор кырдаал түзүлгөн. Ал күн санап чыңалып олтурган. Ачыгын айтуу керек, 7-апрелден кийин бийликти колуна алган айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү үчүн ошол кезде биринчи маселе – элдин тынчтыгы эмес, бийлигин сактап калуу болгон. Дал ошондуктан, алар өздөрүнүн таасирин сактап калуу максаты менен ким менен болбосун сүйлөшүүгө даяр болушкан. Убактылуу өкмөттүн айрым одиоздуу мүчөлөрү болгон, сепаратисттерди азыктандырып, шыкактандырып, жанына ээрчитип, айтор, аларга күчтөнүүгө шарт түзүп беришкен. Мына ошол саясатчылардын колдоосуна ээлигип кеткен Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик топ телеэкран аркылуу абдан негативдүү кайрылууларды жасап жатканда да бийлик унчуккан эмес. Биз мына ошондо эле бийликке кайрылып, “бул жакшылыкка алып барбай турган көрүнүш”- деп эскерткенбиз. Аны кулагынын сыртынан кетиришкен, анткени, айрым УӨ мүчөлөрү лидер болгон партияларга добуш керек болгон. Жыйынтыгы эмне болду? 7-апрелден кийинки бийликтин алдын-ала иш алып бара албагандыгы, кайдыгерлиги, ошол эле учурда сепаратисттик билдирүү жасаган айрым адамдар менен коюн-колтукташып жүрүп алгандыгы өрттүн тутанып кетишине алып келди.

- Бирок, күнөөлүүлөр эмнеге эмгиче жазасын алган жок? Канча комиссия түзүлдү эле...

- Эл бул окуяларга өзүнүн баасын эчак эле берип койгон. Кимдин-ким экенин билишет. Жоопкерчиликтүү бийлик адамдарынын кайда качып, жашырынып олтургандарына чейин элде толук маалымат бар. Бир гана юридикалык жактан күнөөлүүлөр аныкталбай калды. Бул да түшүнүктүү, ким эле болбосун өзүнө-өзү ор казбайт да. Ботконун баарын чалган ушулар болсо, кантип алардан адилеттүү тергөө, иликтөөнү талап кыла алат элек. Булар бийликте турганда чындыктын чыгышы мүмкүн эмес болчу. Бирок, биз бул маселени жөн койбойбуз, аягына чейин чыгабыз!

- Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяларда жүрөктө калган ирмемдерден айтып кетсеңиз?

- Оштогу улуттар аралык кагылышуу 10-июнь күнү түндө башталып, борбордук көчөлөргө чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан: кыргыздарды аёсуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгара баштаган.

Биз Садыр Жапаров экөөбүз Оштогу окуяларды угаарыбыз менен дароо аттандык. Биздин башкы вазыйпа – эки элдин араздашуусун кандай гана жол менен болбосун токтотуу эле. Кордук көрүп калган кыргыз жаштары да ар кандай аракеттерге өтө башташты. Бир жерге барсам өткөн түнү жакындары зордук-зомбулукту көргөн кыргыз жаштары эки өзбек аялын курчап алышыптыр. Аялдардын бирөө жаш наристесин көтөрүп турат. “Эмне кылып жатасыңар?”- десем, “өзбектер бизге адам көрбөгөн кордукту көрсөтүштү, биз да бул аялдарды кордойбуз” дешет. Мен “андай болбойт, карапайым аялдардын, жаш балдардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок”- деп, көтөргөн баласын колума алып, өздөрүн жетелеп топтон куткарып, жакын турган көп кабаттуу үйгө алпарып тапшырдым.

Баарынан да “Сампадагы” окуяларды эстегенде азыр да денем дүркүрөп кетет.

Биз 13-июнь күнү Жалал-Абадка келдик. Өзбек сепаратисттери Жалал-Абад шаарынан он чакырымдай батыш тараптагы Ош-Бишкек жолу өткөн Топурак-Белди тосуп, эки жакка өткөн автоунааларды аткылап, өрттөп, адамдарды өлтүрүп жатышыптыр деген маалыматты уктук. Ушул жерде негизинен өзбек улутундагы мекендештерибиз иштеген пахтаны кайра иштеткен “Сампа” заводу жайгашкан. Ошондуктан бул окуя “Сампа окуясы” деген ат менен белгилүү болду.

Жалал-Абад шаарынын четине Көк-Арт тараптан келген 20 миңдей кыргыздар чогулуп, “Сампага” барабыз, андан ары өзбектер тыгыз жайгашкан Сузак айылына киребиз деп турушкан экен. Мага “Сампадагы” куралчан адамдардын кылмыштуу аракеттери тууралуу ушул чогулган эл айтты. Мен чогулган элге кайрылып, “Сампага” мен өзүм барам, болгон окуяны ошол жерден билип, анан сиздерге так маалымат алып келем”- дедим.

Алар “Сампадагы” куралчан адамдар сенин ким экениңди билишпейт, алыстан эле атып салышат, барбагын, бизде так маалымат бар”- дешти. Мен элге “эмне болсом да мен барамын, силер ушул жерден жылбай мени күткүлө”,- дедим да айдоочумду анан жаныма дагы бир адамды алып “Сампаны” көздөй жөнөдүм. “Сампага” 200 метрдей жетпей машинени токтотуп, өзүм жалгыз түшүп куралчан адамдарды көздөй басып бараттым. Чынын айтсам басып бара жатып коркподум, элдин жүгү мойнумда эле. Барып чынында эле “Сампадагы” куралчан адамдарды көрдүм, жолуктум, сүйлөштүм. Алардын көбү кийин түрмөгө камалды. Мен аларга: “Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы?”- дедим. Мага өзбектер эч бир жаман сөз айтышкан жок. “Бир гана талабыбыз бар. Сузакты көздөй келаткан кыргыздарды токтотуңуз, ушуга кепилдик бериңиз, биз анан тарайбыз”,- деди. Мен “кепилдик берем, кыргыздар Сузакка өтпөйт, силер бул жерден кеткиле”- дедим да, кайрадан машинаны көздөй жөнөдүм. Кайтып баратып эмнегедир коркунуч басты. Артымдан келип тийчү окту күтүп, тердеп чыктым. Машинага жетип олтуруп жүрүп кеткенче “жаадырган ок качан жалмап кетет” деген ойдо болдум. “Алладан ажал келбесе адам өлбөйт”,- дейт эмеспи. Аман-эсен келгениме чогулган эл да таң калды. Чогулган элге болгон окуяны айтып, тынчтандырып, Сузакка барбай калышты. Ошол жерден түз эле темир жол вокзалына бардым. Ал жерде үч миңдей өзбектер чогулуп турушуптур. Алар мага “Барпы тараптан келаткан кыргыздарды токтотуңуз, биз тарайбыз”, - дешти. Мен аларга кепилдик берип, Барпыга бардым. Ал жакта беш миңдей кыргыздар чогулуп, Жалал-Абадга өзбектер жашаган тарапка жөнөп турушкан экен. Мен аларды токтоттум. Элге кайрылып: “мен силер эмне айтсаңар жасап келдим, дагы да жасай берем. Ушу сапар менин сөзүмдү угуп койгула. Шаарга кирбегиле” - деп өтүндүм. Эл укту. “Сенин урматың үчүн айтканыңды кылалы, өзбектер да тынчысын, аткылашканын токтотсун”- дешти. Ошентип, бул күнү эки чоң кагылышуунун алдын алып калдым. Эртеси 14-июнь күнү кайрадан 20 миңдей эл Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына чогулуп, “Сузакты, “Сампаны” тазалайбыз”- деп жөнөп калды. Куралданып алгандар да көп эле. Окуя өтө курчуп, эл сүрүлүп, “Айгүл” универмагынын тушуна жетип калды. Кандай айла-амал кылып болсо да элди токтотуу керек эле. Ошо жерде солдаттар минип жүргөн БТРди токтотуп, суранып жолго туура койдуруп, элдин жолун тороп, БТРдин үстүнө чыктым да элге кайрылдым. Эч ким укчудай эмес, ызы-чуу. Эки күндөн бери эл менен жолугушуп сүйлөй берип, үнүм да чыкпай калды. Жаныма бир үнү катуу чыккан адамды алып, анын кулагына айтып, ал элге жарыя кыла баштады. “Элим!- дедим,- мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турат. Силердин араңарда да куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгер Сузакка өткүңөр келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө. Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм”,- дедим. Эл мени “мунун акыл-эси сообу” дегендей таң кала карап, жымжырт болуп калды. Дагы кайталадым. Ошондо бир аксакал чыгып, элге карап: “айланайындар, мен ушу жашка келип көп окуяларды башымдан кечиргем, бирок мындайды көрө элек элем. Ушул бала биздин тынчтыгыбыз үчүн, элдин тынчтыгы үчүн өзүнүн өмүрүн кыйганга даяр болуп жатат, демек бүгүнкү чындык ушул баланын жүрөгүндө, мен муну көрүп турам, бүгүн биз ушул баланын айтканын кылсак жаңылбайбыз”,- деди эле чогулган эл, “макул, угалы, дагы кандай өтүнүчү бар экен, айтсын!” дешти. Мен кайрадан мурунку айткандарымды кайталадым, “тирүү туруп силерди Сузакка өткөрбөйм, тарагыла!”- дедим. Ошондо эл: “ушул бала биз менен эки күндөн бери чогуу жүрөт, мындан бөлөк бир дагы жетекчи, бийлик адамын көрбөдүк, айтканын кылып тарайлы, ачууга алдырып, эки тарап тең кыргынга учурабасын”,- деп тарай башташты. Чындыгында ошо күндөрү кайсы жерге барбайын кызматтагы бийликтин бир да адамы эл менен болгонун көргөнүм жок, мен ушуга таң калдым. Ушуну менен Жалал-Абаддагы чоң коогалаң аяктады. Эгер курчуп бараткан окуянын алдын албаганымда чоң кагылышуу, кыргын болмок, анын жарасы адамдардын жүрөгүнөн эч кетмек эмес. Албетте муну менен мен өзүмдү баатыр кылып көрсөткүм келбейт, тагдырдын жазмышы менен мен ушундай кыйын-кырдаалда эл менен чогуу болуп, өмүрүмдү тобокелге салган жагдайларга чейин бардым. Антпесем, артымда жүздөгөн миңдеген адамдардын өмүрү коркунучта турган. Мындай жагдайда мен ушундай чечкиндүү аракеттерди жасоого милдеттүү элем. Ызаланган элдин жаалын басып, тынчтандырган соң 15-июнь күнү биринчи жолу Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбектердин аксакалдарын жолугушутуруп, элди ынтымакка чакырдык. Ошондой эле биздин чакыруубуз менен Россиянын мусулмандар муфтийинин атайын өкүлү, Дагестандын муфтийи келип, аларды Ошту, Жалал-Абадды, Сузакты толук кыдыртып, мусулманчылыкты эл достугун чыңдоого багытталган аңгемелешүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк бул аракетибиз кайсы бир деңгээлде өз жемишин берди.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить