Спикер Дастан Жумабеков мурдагы президент Атамбаевдин бир жакшы сапатын таап чыкты. “5-каналга” берген маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы учурдагы жана мурдагы президенттердин ишмердүүлүгүнө баа берген.

 Сооронбай Жээнбековдун жакшы сапатына – коррупция менен аеосуз күрөшүп жатканын, Кудайдан жана элинен коркоорун киргизген. Ал эми спикердин көзү менен караганда мамлекет башчынын жаман сапаты табылган эмес.

Мурдагы президент Атамбаевге баа берүүдө төрага “оригиналдуу” пикир карманган. “Алмазбек Атамбаевдин кандай жакшы сапаты бар эле?” – деген суроого Жумабеков бир азга тайсалдап, такалып барып, шашып кеттиби, же оюна эч нерсе келбей калдыбы, айтор: “Жакшы сапат... билбейт экем, балким, гитара черте билгени болбосун...” – деп балп эттирди.

 А терс сапатына келгенде спикер мүдүрүлгөн жок: “Терс сапаттары үчүн азыр мыйзам алдында жооп берип жатат”, - деди.