Ушул жылдын күзүндө болчу парламенттик шайлоону утурлай саясий чөйрөдө эки-үчтөн тил табышып, бир түндүктүн алдында баш бириктирмейлер старт алды. Ар бир шайлоонун алдында боло жүрчү көрүнүштөн бул сапар да куру калбайт экенбиз.

Маалыматтарга караганда “Ата Мекен” , “Ак Шумкар”,  КЛДП, “Жаңы дем” партиялары бирикти. Алара “Жашыл экономика үчүн” кыймылынын өкүлү Азамат Темиркулов да кошулганын, депутат Рыскелди Момбеков да болочок бактысын ушул бирүүгөн издегени айтылууда.

Ошондой эле бул биримдик катарына кошулууну каалагандардын эч бирине терс жооп айтышпай турганын жарыялашты. Үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы болгондордун, демократиялык коомдун өнүгүүсүн каалагандардын баарына  Текебаев башында турган, “Ата Мекендин” желегинин алдында түзүлгөн саясий күч “Кош келиңиз” дейт экен.