Ал эгемен өлкө тарыхында мыйзам чыгаруу тармагынын башатында туруп, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны жазууга катышкан.

Жогорку Кеңештин экс-спикери, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кесиптешинин кыргыз парламентинин калыптанышына кошкон салымына, өзүнө алган тарыхый миссияны жоопкерчилик менен аткарганына токтолду.

- Өмүрбек мырза, маркум Мукар Чолпонбаевдин Кыргызстандын мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш тармагына кошкон салымын кандай баалайсыз?

- Мукар Чолпонбаев менен 1990-жылдардан бери таанышмын, саясатта сапарлаш болдук. Мен жаңы эле депутат болуп келип, Жогорку Кеңештеги Мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетине мүчө болгом. Ал комитеттин төрайымы Чолпон Баекова болчу. Мукар Чолпонбаев комитетте референт эле. Референт болгону менен жыйындарда депутаттардан сөз талашып, өз оюн айтканга аракет кылчу. Ошонусу менен башка кызматкерлерден айырмаланып, көзгө дароо көрүнгөн. Комитеттин төрайымы Баекова менен да талкууларда талашып калчу.

Андан кийин Чүйдөн округ бошоп, депутат болуп келди. Мыйзам чыгаруунун технологиясын билген, Жогорку Кеңеште мурун иштеп тажрыйба жыйнаган, активдүү, көзгө көрүнгөн депутат болду.

1993-жылы Конституция жазылып жатканда жумушчу топтун мүчөсү болуп чогуу иштеп калдык. 1995-жылкы шайлоодо Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат, анын төрагасы болуп шайланды. Ал Кыргызстандын тарыхында мыкты мамлекеттик ишмер, бекем жарандык позициясы бар инсан эле. Ачык сүйлөгөн, билимдүү, иш билги мыйзам чыгаруучулардан болду.

Кийин депутат болбой калганда да коомдук турмуштан алыстап кетпестен, өз позициясын ачык айтып, саясий процесске таасирин тийгизгенге аракет кылып жүрдү.

- Эгемендиктин алгачкы жылдары мамлекеттин мыйзам чыгаруу системасын түптөп, аны жолго коюп баратканда жетекчилердин билими, деңгээли, көрөгөчтүгү ошол миссиянын талабына жооп бердиби?

- Албетте, 1990-жылдары биздин мамлекетти куруу, башкаруу тажрыйбабыз аз эле. Ошол Мамлекеттик түзүлүш комитетинин референти катары эле маанилүү конституциялык актыларды түзүүгө катышкан. Анан депутат, конституциялык топтун мүчөсү болуп, жаңы Баш мыйзамды жазууга катышты. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы катары туруктуу, кесипкөй парламентти калыптандырууга эбегейсиз чоң салым кошту.

- Ошол маалга кылчайып карасак, өзүңүз жаңыдан депутат болуп келгенсиз. Ал кезде мыйзам чыгаруучулар кантип иштечү элеңер, ким кеп-кеңеш берчү? Идея кантип жаралчу? Орусиядан же башка мамлекеттерден акыл сурачу белеңер?

- Мен буга чейин айткандай, ал кезде биз үчүн баары жаңы, баары биринчи болчу. Бизде гана эмес, Орусияда да андай тажрыйба биринчи болчу. Ошондуктан биз дүйнөлүк практиканы үйрөнгөнгө аракет кылчубуз. Ар кайсы өлкөнүн мисалын карап, «Кыргызстандын шартында кандай болушу керек» деген маселелер тынымсыз талкууланып турчу. Ал кезде ар бир депутат, ар бир жаран өзүнүн тарыхый жоопкерчилигин сезген. Ар бир маселеге олуттуу мамиле жасайт элек.

Депутат жеңил ойлуулук менен тигил же бул көз карашты айтып, сунуш киргизчү эмес. Ар бирибиз «жети өлчөп, бир кескенге» аракет кылчубуз. Анткени биз кандай пайдубал урсак, мамлекет ошондой өнүгөрүн сезчүбүз.

- Мукар Чолпонбаев парламентте отурганда, кийин ал Мыйзам чыгаруу жыйынына спикер болуп калганда, парламент президент Аскар Акаевге сес көрсөтүп, саясий салмагын салып, маанилүү маселелерди элдин кызыкчылыгы үчүн чечкен институт болгону белгилүү. Төрага Чолпонбаевге эмне түрткү берчү – анын билимиби, бекем позициясыбы, президент Акаевдин жумшактыгыбы, же эгемен парламенттин депутатымын деген эреркөөбү?

- Мен Чолпонбаевдин мүнөзүнүн бир өзгөчөлүгүн айттым. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде референт болуп отуруп, комитеттин жетекчилери, депутаттар менен талашчу эле. Катардагы кызматкерлер эмес, депутаттар да ал кезде өз оюн айтып, талашкандан тартынып турушчу. Биринчиден, бул Чолпонбаевдин мүнөзүнүн өзгөчөлүгү.

Экинчиден, 1995-жылы биз эгемен тарыхыбызда биринчи жолу профессионалдуу, туруктуу иштеген парламент түзүү миссиясын өзүбүзгө алдык. Тарых аны бизге жүктөдү. Мына ошол парламентти Мукар Чолпонбаев жетектеп турду. Албетте, ал өзүнүн тарыхый миссиясын, жоопкерчилигин түшүндү. Ошого жараша өз баркын, салмагын сезди.

Ал маалда Акаев да «өзүңөр түзгүлө» дегендей мамиле жасап, көп аралаша берчү эмес. Ал кезде Мыйзам чыгаруу жыйынында накта демократия бар эле. Эч убакта спикер президенттин пайдасын ачык коргоп, башка депутаттарды кысып, аларды басмырлаган аракет болчу эмес. Парламентаризмдин алгачкы сабактары ошол Мыйзам чыгаруу жыйынында болгону бүгүнкүгө чейин эсимде.

- Кийин парламент бара-бара саясий институт катары салмагын жоготуп, өз позициясын эмнеге алдыра баштады? Буга ошол маалдагы президенттик бийликтин күчтөнө башташы, лоббисттик топтор таасир этиби? Же парламенттин кийинки чакырылыштарынын сапаты таасир эттиби?

- Биринчи романтикалык толкун акырындап тарай баштады. Көз карандысыз мамлекет курууда эбегейсиз көп көйгөйлөр болгону баарыбызга белгилүү. 1990-жылдары калктын турмуш деңгээли төмөндөдү. Жаңы башкаруу реформасына элдин ишеними кетип, күткөн үмүт акталган жок. Ошондой учурда президент өз бийлигин бекемдеди. Анын бекемделиши менен депутаттардын бир бөлүгү аткаруу бийлигинен көз каранды болду.

Ошол жылдары бизде массалык менчиктештирүү жүрдү, жаңы ишкерлер пайда болду. Депутаттар бизнеске аралашып, өзү болбосо да туугандары чоң ишканаларды менчиктештирип, чоң насыя алгандар келди. Ошентип мүлктүк ажырым, идеологиялык ажырым парламенттин бөлүнүп-жарылышына, аткаруу бийлигинен көз каранды болуусуна түрткү болду.

- Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнү менен Жогорку Кеңештин дарегине айтылган сын көп. Коомчулукта эл өкүлдөрүн келекелеген саясий маданияттай эле сезилип калды. Эмне себептен парламент мынчалык деңгээлге түштү?

- Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, парламент коллегиалдуу жана ачык орган. Ал жерде эмне иш жана эмне үчүн болуп жатканын эл көрүп турат.

Экинчиден, депутаттар парламенттин ишмердигин туура эмес түшүнөбүз. Микрофонго чыгып, өкмөттү кекетип, басынтып сүйлөсөң ушул «эң кыйын депутат экен» деп ойлошот. Эл аларга ошондой мамиле жасап, андай депутаттар тууралуу постторго «лайк» басып, жолугушууларда «бали, азаматсың!» деп турушат. Анан депутаттар биринен бири өтүп, сөздүн мааниси болбосо да, маселени түшүнбөсө да, кекетип-мокотуп сындаганы тенденцияга айланды.

Үчүнчүдөн, депутаттарда мурункудай тарыхый миссияны сезүү жоопкерчилиги жок. Анткени Жогорку Кеңештин трибунасынан терең ойлонулбаган, изилденбеген, достордун шеринедеги тамашасындай эле сөздөр жаңыра баштады. Муну көргөндө, албетте, элдин парламентке болгон ишеними төмөндөйт.

1990-жылдары демократиялык романтизм менен кошо тарыхый жоопкерчиликти сезип, жасап жаткан ишиңе, жазып жаткан мыйзамыңа, сүйлөй турган сөзүңө өзгөчө жоопкерчилик менен карап, даярданып, адистер менен кеңешип, анан эл алдына чыкчу элең да.

- Мукар Чолпонбаев өңдүү эгемен Кыргызстандын парламентин түптөп, анын кыйыр жолун чапкандар аткарган миссияны, алардын калтырган тажрыйбасын азыркы эл өкүлдөрү канчалык баалап, кийинки чакырылыштын депутаттары канчалык мурастап алат деп ойлойсуз?

- Албетте, бүгүн парламенттин деңгээлине эл нааразы. Бирок бул биз сөзсүз басып өтө турган этап болсо керек. Анткени парламент жаңы эрежелер менен шайланып, жаңы тартип менен иштеп гана калбастан, жаңы адамдар келди. Советтер Союзунун убагында иштебеген, алтургай ал доор урагандан кийин төрөлгөндөр шайланды. Алардын дүйнө таанымы, тигил же бул маселеге болгон мамилеси 1990-жылкы депутаттардан асман менен жердей айырмаланат. Ошондуктан, бүгүнкү тарыхый тажрыйба дагы балким биздин бешенебизге жазылган тагдыр болсо керек.

Албетте, Чолпонбаевдин убагындагы парламенттин, андан кийинки тажрыйба сөзсүз түрдө эске алынат, кийинки парламенттин ишине жардамы тиет. Мамлекеттик органдардын ишинде ырааттуулук, тарыхый мураскерлик деген түшүнүк сөзсүз болушу керек. «Эски жаман, баарын жаңы барактан баштайбыз» деген алабарман түшүнүк болбошу абзел.

Коомчулуктун маданий деңгээли да белгилүү бир чекке көтөрүлүп, өзгөчө депутаттардан да иш билгиликти талап кылуу керек. Бүгүн парламентарийлер лидер-жетекчи болуп, элди алдыга жетелебестен, көпчүлүгү сүрмө топтун колдоосуна азгырылып, туруктуулук жана түбөлүктүүлүк эмес, коньюктуралык пикирге алдырып коюп жатат. Шайлоочулардын, элдин, коомдук пикирдин саясатчылардын билиминин, адамдык сапатынын деңгээлине болгон мамилеси Жогорку Кеңештин ишмердигин өзгөртөт.

- Мукар Чолпонбаев акыркы маалга чейин 2010-жылкы Баш мыйзамды «Текебаевдин Конституциясы, муну менен өлкө өнүкпөйт» деп кескин сындап жүрдү. Ал кишинин өзү менен бул темада сүйлөштүңүз беле же коомдук талкууларда эле полемика болчу беле?

- Полемика көп болгон жок. Бирок кээ бир тарыхый процесстерге, окуяларга көз карашыбыз ар башкача болуп жүрдү. Ал өз мүнөзү, өз көз карашы бар инсан. Мен аны урматтоо менен кабыл алып, мамиле жасачумун. Ал биздин саясий ландшафттын бир чокусу эле. Чолпонбаевдин дүйнөдөн өтүшү менен саясий ландшафт чоң жоготууга учурады.

Булак: "Азаттык"