- Темирбек мырза, “Мекеним Кыргызстан” партиясы Бакыт Төрөбаевге жакын адамдар менен бириктиби?

- Жеке өзүмдө андай такталган маалымат жок, калп айтсам туура эмес болуп калат го. Балким, биригүүсү мүмкүн, “Мекеним Кыргызстан” Бишкек шаардык кеңешинде, ал эми “Өнүгүү” партиясы парламентте отурушат. Бул эки партия бийлик бутактарына барган менен эч бир орчундуу саясый иштерин көрсөтө алышкан жок. Ошондуктан, өздөрүнүн  кадыр-баркы эл астында төмөндөп кеткендерин сезишип, калган-каткан күчтөрү менен биргелешип кайрадан парламентке барууну көздөп жатышы мүмкүн. Кыргызстанда партиянын идеологиясын, саясый принциптерин сактоо деген баалуулуктар жокко эсе. Эптеп элдин ишенимин алуу үчүн ар түрдүү амалдуу саясый ыкмаларга бара беришет .

- Акыркы мезгилде “Мекеним Кыргызстан” партиясы эң таасирдүү күчкө айланып, Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңештерде бийликтин “Биримдик” партиясынын өкүлдөрүнөн озуп кеткени чынбы?

- “Мекеним Кыргызстан” партиясы Атамбаевдин убагында бийлик тараптан даярдалып чыккан саясый проекттердин бири. Коомдук иштерди ачык жүргүзбөй эле, бийликтин макулдугу менен тымызын эпчил адамдардын башын бириктирип, аймактык шайлоолорго аттанышкан. Эсимде, аймактык шайлоолордон кийин көпчүлүк жарандар мага байланышка чыгышып: “Темирбек, сиз жетектеген “Мекеним Кыргызстан" партиясына добушубузду бердик”,- дешип , капысынан козу карындай болуп чыга калган партияны биздин “Мекен-Ынтымагы” партиясы менен адаштырып алган көрүнүштөр да болгон. Акыркы мезгилде активдүүлүк көрсөтүп жаткан “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” аттуу партиялардын улуттук идеологиялары, саясый-экономикалык реалдуу программалары, убакыт ченемдүү калыптанган, коомдо саясый салмагы бар лидерлери да жок. Булардын катарында мурдагы КСДП партиясынын кошоматчы депутаттары, шаардын жетекчилери, бийликтин чиновниктери, эпчил карьерист жаштар чогулуп алышкан. Ош, Токмок, Каракол шаарларында акча каражаттын күчү менен ич ара тирешип, активдүү кыймыл аракеттери менен элди дүрбөткөнүн байкап, ийгилик болуп жаткандай сезилип жатат.

- Партиянын ийгилигинин сыры?

- Эч кандай түшүнүксүз сыры деле жок. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору баалаган мансапкор адамдар, элди адаштырып шайлоонун алдоо ыкмаларын өздөштүргөн эпчил чиновниктер, көнгөн адатынча байлардын берип жаткан акча каражаттарын колдонуп , элди үгүттөп жатышат. Мындай саясый кыймыл аракеттер Кыргызстандын ыймансыз бийлик системасында дайыма эле болуп келген.

- “Мекеним Кыргызстан” партиясын Матраимов каржылайбы?

 - “Өрт чыкпаса, түтүн чыкпайт” эмеспи, имиш сөздөр жөн жерден чыккан жок.  Таратылып жаткан акча каражаттар, материалдык мүмкүнчүлүктөрдү Матраимовтор берип атат деп, жалданган агитаторлору эл арасында ачык эле сөз таратып жүрүшөт. Мисалы, Ысык- Көлгө депутат Искендер Матримов өзү келип,  социалдык жактан өтө муктаж болгон кембагалдарды чогултуп алышып, “биздин фонддон жардам көрсөтүп жатабыз”- деген саясый пиарларын ачык эле өткөрүп жатышпайбы. Эми маданияты, адамдык сапаттары төмөн, кор оокат үчүн намысын сатып, үгүт иштерин уюштуруп чуркаган малайлар дайыма эле коомдо болуп келген. Аларга баары бир, Акаевби, Бакиевби же Матраимов келеби өзүнүн курсагы үчүн ак көңүл элибизди адаштырып акча бергендерге иштей беришет. Маселе башкада, эмне үчүн бийлик институттарыбыз ачык айкын жүргүзүлүп жаткан саясый коррупциялык коомдук уюштуруу иштерине мыйзам чегинде чек коюшпайт? Бул көрүнүш , жогорку мамлекет деңгээлдеги саясый жетекчилердин макулдугу менен шайлоо процесстери жүрүп жатат дегенди далилдейт . Ошондуктан, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларына депутаттар, шаар жетекчилери баш болуп , чиновниктер ачык айкын агитация кылып элди үгүттөй башташты.  Ош шаарында  биздин “Мекен-Ынтымагы " партиясынын өкүлдөрүнө телефон аркылуу коркутуу амалдарын жүргүзүп жатканынан кабардармын. Мындай зомбулуктар шайлоо убагында колдонулса, эртели кеч саясый партиялар арасында нааразычылыктар күчөп, тирешүүлөр сөзсүз башталат. Бул маселеге, шайлоо мезгилинде укук коргоо органдары сапаттуу көзөмөлдүк кылуусун талап кылабыз. Өзүм Афган согушуна катышкам, Кыргызстандын баардык аймагында согуш талаасында бирге болгон жоокер досторубуз да, ишенимдүү партиялаштарыбыз да өтө көп. Эгерде бийликке жамынган партиялар коркутуу , күч колдонгон мыйзамсыз зөөкүрчүлүк иштерин улантышса, чечкиндүү чара көрүүгө кудуретибиз жетиштүү. Ансыз да , жалпы коомчулук бийликке кыжыры кайнап араң турушат. Менин кайрылуумду президентке коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жеткирет деген үмүттөмүн.

- Темирбек мырза, Матраимовдорду каралагандар күч болсо да, аны менен мамиле түзүп, партиясынан колдоо табам деген лидерлер да көп болуп жатат?

- Кыргызстанда эч качан таза адилеттүү шайлоо болгон эмес. Элдин добушун сатып алууну, бийликтин административдик мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну өздөштүрүп көнгөн  мансапкор жердештерибиз Раим Матраимовтун акча каражаты менен парламентке, аймактык кеңештерге барууга умтулуп жатышат. Матраимов деле бизге окшогон пенде, жөнөкөй адам. Чогулткан кор оокатынан айрылып, эркиндигинен да ажырап калбайт деп эч ким Кыргызстандын ыймансыз саясатында кепилдик бере албайт. Ошондуктан, Матраимовдор жогорку бийлик өкүлдөрү менен жылуу мамиле куруп, жасалма партияларды каржылап жаткандыр. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары парламентке барып бийликке жетүүсү мүмкүн. Бирок, ошол партияга чуркап жүргөн азыркы депутаттар, чиновниктер, коррупционерлер, элдин ишениминен таптакыр чыгып калышкан. Жалпы кыргыз эли “күзүндө жаңыча бийлик бутактары түптөлөт”- деген үмүттө чыдамкайлык көрсөтүп жатышат. Эгерде, эч саясый өзгөрүү болбой, азыркы элдин кыжырын келтирип ирэнжиткен адамдар кайра парламентке келсе, мамлекеттик сапатсыз иштер өзгөрбөйт, коррупция токтобойт. Мамлектибиздин бүгүнкү оор маселелери чечилбей, социалдык экономикалык кыйынчылыктар дагы күчөйт. Ошондо, шайлоодон кийин Сооронбай Шариповичтин саясый аброюна оор маселе жаралат. Мындай саясый кризистер убагында Грузия мамлекетинде болгон. Шеварднадзе бейкапарлык кылып , айлана чөйрөсүндөгү коррупцияга аралашкан адамдарга парламентти түптөөгө саясий жол ачып берген. Элдин нааразычылыгы шайлоодон кийин өтө күчөп, Михаил Саакашвили жарандык активистердин колдоосуна таянып , коррупциялык ыкмалар менен шайланган парламенти таркатышкан. Эгерде Кыргызстандын азыркы коомдогу ой пикирин , каалоо тилектерин эске албай, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” сыяктуу бийликтин жасалма дежурный партияларынан парламент түптөлсө , президент үчүн саясый маселе ошондо башталат. Айтылган саясый маселелерди терең анализдеп, мамлекеттик коопсуздук кеңешибиздин жетекчилери президентке туура маалымат жеткирип, парламенттин реалдуу жаңылануусуна саясый адилеттүүлүк камсыздалынат деген үмүттөмүн.

Арина Рысбаева