Бишкек шаардык сотунда Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду айыптоо боюнча кылмыш иши каралууда.

Бүгүн, 13-майдагы отурумда соттук коллегия айыпталуучуларды суракка алууну баштады. Алты адам сурак берди.

Жакточулардын башка соттук иштерде болгондугуна байланыштуу, соттук угуулар 20-майга саат 10го жылдырылды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы