Мындай пикирин Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өткөн жылга болгон отчетту угулуп жатканда депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

“Газпромдо бензиндин дүң баасы 19 сомдон болсо, бензин куючу жайларда 30 сомдон жогору. Монополияга каршы күрөшүү кызматы эмнени карап отурат. Он сомдон ашык кошуп сатып жатышат. Так тапшырма берип абалды жөнгө салыш керек”, - деди Зулпукаров.

Ага премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев тез арада тийиштүү чечимдер кабыл алынарын айтты.

Булак: media-center.kg