- Гүлжигит мырза, кыргыз-тажик чек арасында абал эмне үчүн барган сайын оорлошуп, ок атышуу эмнеге адатка айлана баштады?

- Себеби, тажик тарап 1924-1927 жылдардагы карталарга таянып, “Ворух анклав болгон эмес”- дешип, биздин жерлерди талашып келишет. Ал жылдары Тажикстан өз алдынча республика эмес болчу. Өзбекстандын курамында болчу. Биздикилер анда эмне үчүн “1924-1927-жылдардагы карталарга таянсаңар, азыр Өзбекстандын курамына кирип кеткен жоксуңар?”- деп айтышпайт? Ал кезде Жерге-Тал, Мургаб райондору Кыргызстанга карачу. Анда ошол жерлерди кайтарып алалы, тажик тарап болбой эле 1924-1927-жылдардагы карталарга таяна беришсе. Негизи, эл аралык келишимдерде акыркы коюлган келишим күчкө ээ болот. Союз ыдырагандан кийин Алматы декларациясында эки өлкөнүн тең жетекчилери кол койгон документ күчкө ээ болушу керек болчу. Эмнеге аны өкмөтүбүз бекем карманбай жатат? Советтер Союзу учурунда азыркы аймагыбыздын 21%га жакынын кошуналарга бердик эле. Союз таркагандан кийинкисин деле сойлоп, жылма саясатын улантышып, жерлерибизди талашып келишүүдө. Негизи белдүү жетекчи, белдүү бийлик гана бул маселени түп тамырынан чече алат.

- Кечээ Акрам Мадумаров тажик тарап менен сүйлөштү.  Маселе жаралган сайын жолугушат. Бирок, көп өтпөй эле баягы картина кайталанат. Жетекчилердин жолугушуусунан эмнеге майнап чыкпай жатат?

- Анткени, биздин бийлик тажик тарапка кандай убада бергенин коомчулук менен ачык бөлүшпөй келет. Күн алыс болуп келген натыйжасыз жолугушуулар элди сооротуу үчүн гана. Эл деле сооронбой калды го бул "дүжүр" жолугушууларга. Эл чечкиндүүлүктү күтүп жатат.

-Маселени кантип чечсек болот?

- Биздикилер чек араны коронавируска шылтап, биротоло жаап койсо, көп эле маселе чечилмек. Биздин бийлик көгөрүп эле чек арадагы “жапайы аткезчиликке” көз жумуп келет. Жоготкон акчаны тапса болот. Алдырып жиберген жерди кайтаруу кыйын. Тажик тарап биздикилердин “сырын” жакшы өздөштүрүп алгандай. Ошону коомчулук иликтеп, тактап чыгышы керек. Эки өлкө ички саясаттарында “көзөмөлдүү конфликт” версиясын дагы колдонуп келгендери айтылганы менен, иш жүзүндө биз жерлерибизди тарттырып эле келе жатабыз. Эмне гана дебейли, шалаакылыктын айынан жерлерибиз кетип жатат. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери, 10дон ашык чыр орун алды кошуна өлкө менен. Алардын баары ЖМКга чыккан жок. “Өзүңө сак бол, кошунаңды ууру тутпа” деген макалга учурдагы бийлик маани бербей жатат.

Арина Рысбаева