- Жылдыз эже, акыркы мезгилде “Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн жерге барган жок” деген дооматтар коюлуп жатат. Негизи министр сел жүргөн жерге милдеттүү түрдө барышы керек беле?

- Сел жүргөн, жер титиреген, чатак болгон өтө орчундуу маселелерде Өзгөчө кырдаалдар министри эмес,  керек болсо мамлекеттин президенти да барышы керек. Анткени, жаратылыштын кырсыгын “тилсиз жоо” деп коёт. Канчалаган карапайым элибиз ансыз деле эпидемиядан кыйналып турганда, мындай  кырсык болгону абдан кейиштүү. Бул министр, вице-премьер, премьер-министрдин туздөн-түз жумушу, анан эле баарын  президентке жүктөп койгон туура эмес да, ажо кайсы маселеге жетишет? Ошондуктан, Сооронбай Шарипович үчүн кадр маселесине олуттуу жана терең мамиле жасай турган убакыт келди окшойт.

- Барган сайын депутаттарга болгон сын да абдан күчөдү. Ал турсун мындай абалда отура бербей өзүн-өзү таркатууга барышы керек деген пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Парламент тарашы керекпи же алар жасай турган маанилүү иштер  барбы?

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын мөөнөтү июнда  бүтөт. Тагыраагы, бир жарым ай  калды. Бир жарым ай аралыгында алар  жасай турган  чоң иштер бар. Мына ошол иштерди аягына чыгарып, элине эмне керек болсо, ошонун баарын жасап, анан кетиши керек. Депутаттарды азыр таратып салсак, көптөгөн маселелер чечилбей, орто жолдо калып, мамлекетибиздин иши алдыга жылбай калат. Негизи Жогорку Кеңештин  VI  чакырылышы  жакшы иштөөгө аракет кылышканы менен биз күткөндөй жыйынтык бере алышкан жок. Күчтүү парламент болуш үчүн эмки  шайлоодо эл  тизмедеги талапкерлердин баарын кылдат карап, анан добуш бериши керек. Болбосо, кийинки парламенттин сапаты мындан да начар болуп калышы мүмкүн. Бизнесмен эч качан саясатчы боло албасын көрдүк. Себеби бизнеси бар адам  депутат болсо - аткаруу бийлигине көз каранды болуп, зарыл маселеде да оюн ачык айталбай калат экен. Ошон үчүн шайлоодо партияга эмес, тизмедеги талапкерлерге маани берип, бизнесмендерге эмес, саясатчыларга басым коюшубуз зарыл.

- Өкмөттүн антикризистик программасы абалды жөнгө салып кетет деп ишенсек болобу?

- Өкмөт канчалык антикризистик программа түзбөсүн, мамлекетти оор абалдан чыгарып кете албайт. Ошон үчүн сырткы булактардан келген көптөгөн уюмдардан чогулган каражаттарды өкмөт туура пайдаланса жакшы болот эле. Аны республикалык бюджеттин тешигин бүтөөгө жумшашыптыр, андай болсо элге отчёт бербейби? Өкмөт демөөрчүлүктөн жыйналган каражаттарга аз камсыз болгон үй бүлөлөргө көп кабаттуу бардык шарты бар үй курса болмок. Бул алардын жакырчылыктын сазынан чыгышына чоң түрткү болот эле. Ошол каражаттын эсебинен врачтарды, мугалимдерди да үйлүү кылса жакшы болоор эле.

- Өкмөттү абалдан чыгара турган тармак барбы?

- Бар ал үчүн өкмөт болгон күчүн контробанданы токтотууга жумшашы керек. Анткени, Финполдун айрым кызматкерлери коррупциялык схема менен контрабандалык жол менен товар ташыгандардын көпчүлүгүн коргоого алат экен. Ошонун айынан бюджет толбой жатат. Эгерде  биз ошол тармакты жөнгө сала алсак, жарым жартылай болсо да кризистен чыксак болот. Өкмөт “программа түзсөк эле баары ойдогудай болот”- дебей, болушунча   изденип, бюджетке кедергисин тийгизип жаткан коррупциялык схемаларды токтотуп,  болгон күчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жумшаса жакшы болчудай. Мүмкүнчүлүк болсо чакан ишканаларды ачып, элди жумуш менен камсыздап, мамлекет өзүбүздөн чыккан продукциялардан пайда көрө турган кылышыбыз керек. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү да токтотпой жандандырып, коррупционерлерди  камай эле бербей, кустуруп материалдык жактан кысымга алса болмок. 

- Өкмөт башчынын шалаакылыгынан коронавирус жайылып кеттиби же кырдаал өзү ошондой оор абалга кептеп койдубу?

- Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министри коронавирус менен күрөшүүдө чынында эле шалаакылык кылды. Бул эпидемия башталганда эле чара көрүш керек болчу. Анткени,  Кытай бизге кошуна болгондон кийин, эртеби-кечпи ал илдет бизге да келмек. Учурунда чара көрөлү дегендердин сунушун да эске алышпагандын айынан алапайыбызды таппаган абалга кептелдик. Ошондой эле умрадан келгендерден коронавирус табылар замат 2 айга  карантин жарыялаш керек болчу. Карантиндин талаптарын катуу сактабаганыбыздан илдетке кабылгандардын саны өсүп жатат. Короновирус пикке чыккан мезгилде элди эшикке чыгарып алдык. Эми ооруга чалдыккандар эле эмес, андан каза тапкандар боло баштады. 19-марттан 19-майга чейин карантин  болот деп, анын эрежелерин сактоону катуу талап кылганда эпидемиянын жайылышын алдын алат элек.

- Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлчүлүгү токуган токтом ансыз деле араң чыдап олтурган калктын кыжырын кайнатып, коомчулукта ызы-чуу түшкөндөн кийин жокко чыгарышты. Анда облус аймагына кирүү үчүн коронавирус жоктугун далилдеген справка талап кылуу айтылган. Бүгүн жеке лабораторияда бир тест 2 миң сом. Бирок ушундай “ачылыш” жасаган губернатор дагы деле кызматында олтурат...

- Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттин баасы 2 миң сом. Карантин ансыз да аз камсыз болгон катмарды кыйнап койду. Чынында бул жагдай социалдык абалды ого бетер  чыңалтып, нааразычылыкты күчөтөт. Тамак -ашын араң таап жеп жаткан эл кайсы акчасына тест тапшырат? Мисалы, бир үйдө 5 же 7 киши болсо, 10 же 14 миң сомду кайдан таба?. Ошол эле учурда “соо адам эмнеге тест тапшырат?”- деген маселе жаралат. Айтайын дегеним, чет өлкөдөн келсе же симптомдору байкалса, адам өзүн жаман сезсе аныгын билүү үчүн тест тапшырса болот. Ошондо да тесттин каражатын жөнөкөй жаран эмес, өкмөт төлөшү керек.

Башка өлкөлөрдө колунда жокторго жан башына акчалай жардам берилди. Бизде болсо өкмөт тамак-аш жактан колдоо көрсөттү. Бирок, көп учурда ун, макарон, суу май гана берилди. Ал эле эмес, муктаж делген үй-бүлөлөргө жардам берилип жатканда үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны эске алынган жок. Бир пакет азык түлүк же бир мүшөк ундан гана берип койгон учурлар арбын болду. Ушундан көрө жан башына акча бергенде калыстык болмок беле деп ойлойм. Себеби, адам баласы бир эле ун, макарон, суу май эле жебейт да. Эт, мөмө жемиш, таттуу жегиси келет. Ошон үчүн жардамдар натуралай эмес, акчалай берилгенде нааразычылык болмок эмес деген ойдомун.

Арина Рысбаева