- Марлен, мырза, өкмөт жарыялаган антикризстик программа мамлекетти кризистен чыгараарына ишенесизби?

- Бул өкмөт укмуштуудай программа түзүп, мамлекетти кризистен чыгарып кетээрине анчалык деле ишене бербейм. Анткени, премьер-министр парламентке келгенде “Германиянын тажрыйбасын алдык” деди. Германиянын тажрыйбасын алгыдай биздин экономикабыз Европаныкына окшош беле? Алардагы кырдаал менен биздеги кырдаалдын айырмасы асман менен жердей го. Алардын антикризистик программасын  алган күндө да Кыргызстанды кризистен чыгарууга канчалык деңгээлде пайдасы тийерин Кудай билет. Айтайын дегеним, бул жерде биздин экономикабызга ылайык өзүбүз иштеп чыккан  антикризистик программабыз болушу шарт. Ушундай кырдаалда  биздин мамлекеттин өзүнүн жеке программасы, позициясы жок болсо, башка жактан көчүрүп алууга аргасыз болуп жатса, маселе өкмөттүн сапатында болуп жатканын түшүнүшүбүз керек. Бул абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Ал өкмөттү кетирүү. Менимче өкмөттүн ишине эч кимдин деле ичи жылып жаткан жок. Парламент деле, эл деле өкмөттүн ишине канааттана бербейт.

- Кыргызстанда кризистик кырдаалдардан чыгуу боюнча тажрыйба жетиштүүбү?

- Бар. Айтайын дегеним, 2008-2009-жылдары финансылык кризис болгондо андан чыга турган бир топ программаларыбыз бар болчу. Ал кризис менен азыркы кризистин анчалык деле айырмасы жок. Бир заматта эле нан беш сомдон 10 сомго көтөрүлүп, кымбатчылык болгон. Көп министрлер кызматтан алынган.  Ошондо да абалды эпке келтирип, маселени чечишкен. Бул өкмөт ошондой программаларды түзүп, элди каатчылыктан сактап калышы керек. Же убакытты созбой кетиши керек..

- Коронавирустун айынан кыйрап калган экономикабызды калыбына келтиргенче канча убакыт талап кылынат?

- Адамдын коронавируска чалдыкканын же чалдыкпаганын тест менен тез эле билип койсо болот экен. Экономиканыкы тилекке каршы андай эмес. Анда катмарлар болгондуктан өсүү процессине алып келиш үчүн да жок эле дегенде 3-4 ай убакыт кетет. Кризистен чыгууга деле андан кем эмес убакыт коройт. Айрым тармактар 4 ай эмес, бир  жылда барып араң калыбына келет. 1-майдан баарын жандандырдык дешкени менен ишканалардын баары эле ошол замат иштеп, жанданып кетпейт. Экономика машиненин ылдамдыгындай болот. Айтайын дегеним, машинеде ылдамдыгына жараша биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү даражага салгандай экономикада да так ошондой катмарлар болот. Ошол катмардын баары баштагы калыбына келгенче бир топ убакыт керектелет. Бул биринчиси. Экинчиси, мамлекеттин жоготуулары азыр 10 миллиард деп айтылып жатса, ал 30 миллиардга чейин барат. Аны жабуу маселеси жаралат. Аны жабуу үчүн булактарды издешет. Кыскасы, сырттан келген финансылык институттардан  алынган  каражаттар артса, медиктерге, коронавирус менен күрөшкөн кызматкерлерге, бизнести өнүктүрүүгө жумшайт деген ойдон алысмын. Сырттан келген каражаттарды бюджеттин жыртык-тешигин бүтөөгө аракет кылышат.

- Ишкерлерге да мамлекеттен колдоо болушу керекпи?

- Менимче Орус-кыргыз Өнүктүрүү фондунан кичи жана орто бизнестерге колдоо болушу керек. Анткени, мындай мезгилде бизнестерге мамлекеттен колдоо болбосо кыйын болот.

Арина Рысбаева