- Айданбек мырза, таажы вирусуна каршы күрөштө кайсы мамлекеттин алган багыты туура болду?

- Таажы вирусуна каршы күрөштө дүйнө мамлекеттери негизинен эки түрдүү стратегияны карманды. Анын бири - бизге белгилүү болгондой же бизде жасалгандай толугу менен карантин киргизүү, коменданттык саат менен элдин ишин эле эмес, баскан-турганын толук чектөө, асыресе азык-түлүк өндүрүшүнөн башка ишканаларды жабуу. Европада Италия, Испания, Франция жана башка көптөгөн мамлекеттер, Борбор Азия регионунда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан мына ушундай кескин чараларга барды.

Экинчи стратегия - экономикалык ишмердүүлүктү токтотпой, тумоо чыккан жерди катуу көзөмөлдөп, вирус жуккандар, алар менен байланышкандарды аныктоо багытында даректүү иштөө болду. Бул стратегия менен Беларусь, Швеция, Бразилия, аздыр-көптүр Россия иштеп жатат.

Европада вирустун жайылуусу аздаганы жөнүндө маалыматтар чыгууда. Бирок анын жоюлганы жөнүндө эч ким айта албайт. Тескерисинче, вирустун экинчи толкуну, андан кийин күзүндө дагы жайылыш мүмкүндүгү жөнүндө окмуштуулар, адистер эскертип жатат. Мына ушундай эскертүүлөргө карабай Европа өлкөлөрү экономиканы жандандырууга, ишканаларды ачууга кирише башташты. Анткени жабылып жата берүүдөн кийин ачкачылык деген апаат эшик кагаарын алар жакшы билип калышты.

- Кайсы мамлекеттин багыт алган стратегиясы туура, жемиштүү деп ойлойсуз?

- Таажы вирусуна каршы күрөштө эки түрдүү стратегияны карманган Скандинавиядагы кошуна мамлекеттер - Швеция жана Даниянын көрсөткүчтөрүн карап көрсөк, кайсы стратегия туура болгонун байкоого болот. Дания толук чектөөлөрдү киргизип, бардык ишканаларды жапкан. Швеция социалдык динстанцияны кармоону гана сунуштап, ишканаларды жапкан эмес, экономиканын иштей беришине мүмкүнчүлүк берген.

Дания “пандемия башталды” деп 11-марттан тарта карантин жарыялаган. Пандемия аяктай элек. Бирок Дания 20-апрелден тарта чач тарач, сулуук салондору, орто жана чакан ишканаларга ишти баштоого уруксат берди. 

Катаал карантиндик режимди киргизген Данияда 7 миң кишиге таажы вирусу жуккан. Андан көз жумгандардын саны 350 киши болгон. Калкынын саны болсо 5.8 млн.

Социалдык обочо турууну сунуштаган Швецияда 17 миңге жакын кишиге вирус жугуп, 2 миңдей адам өмүрүн жоготкон. Швециянын калкы 10 миллиондон ашат. 

Швецияда көрсөткүчтөр бир аз жогору. Бирок өтө эле көп айырмалуу эмес. Андан сырткары Швециянын башкы вирусологу калк таажы вирустан иммунитет алып алды деген жүйөөнү айтып жатат. Демек, аларды тумоонун экинчи, үчүнчү толкуну менен коркута албайсың.

- Эми экономикалык каатчылыктын кесепети кимге катуу  тийет?

- Дүйнөнү азыр таажы вирусунан кийин келе турган экономикалык кризис, каатчылык абдан чочуркатып, коркутуп жатат. Швеция, Беларусь сыяктуу мамлекеттер экономиканы токтоткон жок, демек аларда экономикалык каатчылык жеңил болот деген негиз бар. Алар тумоо каптады деген психозго алдырбады. Элди эмгектен айрыбады. Ошого жараша экономикасы ыраатын жоготкон жок.

Тумоо деген дүрбөлөң астында кыргыз бийлиги катаал чектөөлөргө барды. Өлкө экономикасынын өзөгүн түзгөн Бишкек, Ош шаарларын абдан бекем жапты. Алардын артынан ар бир айыл өзүн кулпулады. 

Мындайда экономикалык каатчылык Кыргызстанга абдан катуу тиери байкалып турат. Өкмөт бюджеттин жоготуусу 30 млрд. сомдун тегереги болот деди. Ал эми бизнестин, карантинге камалган элдин жоготуусу андан эселеп көп болору турган иш. Ушул жерде Беларусь президенти Лукашенконун “Кулпулап жаап салуу алеки заматтык иш, андан кийин курсакты кантебиз”- дегени эске келет...

- Кыргыз бийлиги бул тумоонун жардамы менен бюджетти толтурууга багыт алды деген да пикирдегилер да бар...

- Бийлик бюджеттин жоготуусун толтуруунун жеңил жолуна чапты. Чет жактан жүз миллиондоп насыя алууга киришти. Президент Жээнбеков эл аралык финансылык уюмдардын эшигин каккылап, насыя, жардам сурап жатат. Жардам насыя берилет. Аны бийликтегилер каалагандай калчап, бөлүштүрөт. Төлөө жүгү кайрадан элдин, бюджеттин мойнуна жүктөлөт.

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 121 млн. доллар бөлмөк болду. Бул уюм Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле жөлөп-таяп келатат... Тилекке каршы, Кыргызстан отузга чыкса да (эгемендүүлүк алганга отуз жыл болуп калды) жетелөөсүз басып кете албай турат.

Азия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү банкынан 100-150 млн. доллар, Ислам банкынан 11 млн. доллар карыз суралды. Жалпысынан суралган карыздардын өлчөмү 450 млн. доллар болорун Абылгазиев билдирген...

- Коңшу Казакстанда акыбал кандай? Алардын экономисттери эмне дейт?

- Мына ушул жерде Казакстандын Улуттук банкынын мурунку төрагасы, экономист Григорий Марченко “Тенгриньюс” агенттигине берген интервьюсунда айткан айрым учурларга токтоло кетсек: “- Казахстанда 18 миллион адам бар. Күнүнө ар кандай себептер менен 500 адам көз жумат. 13-мартта расмий түрдө эпидемия жарыяланган. Андан бери 42 күн өттү. 42 күндүн ичинде Казахстанда 21 миң киши каза тапты. Коронавирус бул мезгилде 25 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул Казахстандагы өлүмдүн 0.12% түзөт. Албетте, ар бир өлүм - бул трагедия. Бирок статистика кашкайып чыга берген нерсе. Эгерде өмүрдү сактоодо кайсы кадам болмок деген суроого чынчыл талдоо жүргүзсөк, анда карантин жана өзүн-өзүн обочолонтуу чечими утулуп калат. Анткени биздин коом ал чечимден өмүрлөрдү көбүрөөк жоготуп жатат. Ал эми карантиндин экономикалык акыбети өтө жаман болот. Бул азыр эле көрүнүп турат. Бюджеттин тартыштыгы... Бирок социалдык кесепети өтө оор болот. Элибиз бул карантинден кандай абалда чыгып, кандай абалда калар экен?”.

Арина Рысбаева