- Карантин мезгилинде бардык ишканалар жабылып, араң туган экономикабызга чоң сокку урду. Эми айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилиш керек деген маселе жаралып жатыптыр. Кайсы тармак ишке кириши керек деп ойлойсуз?

- Капысынан жаралган оор коркунучтуу ооруга биздин коомдук саламаттыкты сактоо системасы даяр эмес болчу. Ошондуктан, вирустун массалык түрдө тарап кетпөөсүнө чара көрүү максатында, мамлекеттик институттарыбыз карантин киргизүүгө мажбур болушту. Албетте, жашоо тиричилик камсыздоого азык түлүк, дары-дармек, акча каражат маселесин чечип жаткан ишканаларды ишке киргизүү зарыл. Аларды  токтотууга болбойт.

- Карантинден кийин экономиканы жандандыруу үчүн кайсыл тармакты көтөрүүнү колго алышыбыз керек?

- Кыргызстандын экономикасындагы азыркы күнү өтө актуалдуу тармак - мамлекеттик азык-түлүк коопсуздук маселеси. Андыктан, экономикабыздын агрардык потенциалын өнүктүрүү багытында, аткаруу бийлиги азык-түлүк программасын жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө көңүл буруусу керек. Экономиканын өнүгүүсүнүн негизги инструменти - акча каражат саясатын туура жүргүзүүгө милдеттүүбүз . Илимий технологиялардын, санариптешүүнүн сапаттуу жаңы ыкмаларын тез арада киргизип, экономиканын заманбап шартын камсыздоо да өтө маанилүү .

- Карантиндин кесепеттерин жоюу үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Карантиндин кесепетинен баардык ички экономика кыймылы токтоп , ишмердүүлүк, каржылык, соода тейлөө экономикалык байланыштарыбыз да эл аралык деңгээлде токтоду. Сөзсүз түрдө мамлекетте жумушсуздук, кошумча социалдык милдеттер, акча каражаттын жетишсиздиги, мамлекеттик казына милдеттеринин так аткарылуусунун оор маселелери жаралат. Андыктан, мамлекетибиздин тышкы ички экономикалык кубаттуулуктарын туура эсептеп, тез арада экономиканы өнүктүрүүгө жеткиликтүү акча каражат булактарын табышыбыз зарыл. Жумушсуздук маселесин чечүүгө багытталган жаңы ишканаларды өнүктүрүү проектилерин иштеп чыгуу керек. Тышкы жана ички мамлекеттик каржы карыздарыбызды төлөө милдеттерин мамлекеттик деңгээлде жеңилдетүү иш пландарын туура жүргүзүүгө муктажбыз. Улуттук экономикабыздын өнүгүүсүнүн кызыкчылыгын иш жүзүндө аткара ала турган сапаттуу бийлик институттарын негиздөө маселелери да алдыда турат. Бирок, азыркы бийлик бутактарыбыздын сапатсыз уюштуруу иштерин байкап, карантин кесепетинен чогулуп жаткан экономикалык маселелердин чечилээрине күмөн санап турам. Жалпы элибиз үмүттөнгөн депутаттарыбыздын, министрлерибиздин, аймактык жана борбордук шаар жетекчилерибиздин пакет коробка таратып, убактылуу эле азык түлүк менен камсыздоо иштерин уюштурумуш болуп, өзүлөрүнө саясый упай чогултуу менен алек болуп жүргөнүн баарыбыз көрүп билип турабыз. Карантин сыноосуна чыдап берип жаткан элибиздин макулдук убактысын туура колдонбой, мамлекет деңгээлинде маанилүү саясый - экономикалык илимий иштерди таштап коюшуп , улуттук экономикабыздын өнүгүү стратегиялык талаптарына парламентте, аткаруу бийлигинде көңүл бурулбай жатканын көрүп, келечекте оор экономикалык шартка такалабыз деген коркунучтар бар .

Арина Рысбаева