Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ИИМде орун алган резонанстуу иштер жөнүндө укмаксан-көрмөксөн боло берет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Коопсуздук кеңешинин алдындагы коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эксперттик кеңештин мүчөсү, юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев билдирди.

- Өткөн жылы ИИМнин Ички иликтөө кызматы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жогорулатылган баада жабдуларды сатып алган милиция кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон, - деди ал. - Ага чейин тендер өткөрүлгөн. 84 млн сом - бул оңой акча эмес. Бул иштерде Курсан Асановдун аты аталып жүрөт. Эгерде бул иштерди кылдаттык менен иликтеп чыкса, ИИМнин башчысынын мурдагы орун басарына жаңы мөөнөт «илинип» калышы мүмкүн. Негизи эле, тендерде коррупциялык тобокелдик көп. Жыйынтыкта милиция кызматкерлери компьютерлердин начар иштээрин, принтер болгону 200 кагазды чыгарганга эле ылайыкталганын, андан кийин картриджди алмаштырууга туура келерин айтып арызданышканы менен бул тастыкталат.

- Мындан сырткары, тергөө бөлмөлөрүнө видеокамераларды сатып алышыптыр, алардын кубаты бир саатка эле жетет экен, - деп сөзүн улантты Осмоналиев. - Тергөө амалдары бир саат эле болбойт да. Жакында эле Ички иликтөө кызматы патрулдук милицияга бир даанасы 5600 сом турган электрошокер алынганын аныктаган, базарда алардын баасы 600 сом экен. Бул материалдын бардыгы былтыр эле Тергөө кызматына берилген. Бирок, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусу бар да. ИИМнин бир кызматы тендер өткөрөт, ал эми экинчиси бул материалдарды кабыл алып, тергемиш болот.

Кайрат Осмоналиев бүгүнкү күндө иликтөөлөрдүн жыйынтыгынын жоктугу ИИМнин ичинде өз ара көмүскө бүтүм бар деп шектенгенге негиз берет деп белгилейт.

- Иштин материалдарын Финполиция менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына берсе болбойт беле? - деп баш чайкады ал. - Кантип кесиптештер бейтарап боло алышат? Кылмыш-процессуалдык кодекси атайын коррупционерлердин кызыкчылыктарына ыңгайлаштырылып жазылган, анткени, ал жерде 2 айлык тергөө мөөнөтү көрсөтүлгөн. Бирок, мөөнөт айыптоо коюлган күндөн тарта гана эсептелинип баштайт. Кылмыш ишинин материалдарын кабыл алган тергөөчү мыйзамдуу түрдө бул документтерди жылдап кармап жата берет.

Ал каалаган органда, өзгөчө ИИМде бардыгы жетекчиликтин тапшырмаларына жараша болорун белгиледи.

- Кантип эле ички иштер министри мамлекеттик акча дайны жок нерселерге кеткенин билбесин?, - дейт Осмоналиев. - Кашкар Астаканович бул маалыматка көңүл бурушу керек. Мындай тендерлерди өткөргөндөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындан сырткары, иштин материалдары башка мекемелерге өткөрүлүүгө тийиш. Ошондо ИИМнин башчысы өзүнөн шекти алыстатат. Министрде уят деген болушу керек. Бул иштерди кыймылдатсын. Элде ансыз деле укук коргоо органдарынын ишине нааразычылык өсүп жатат. Күчөтүүнүн эмне кереги бар?

Эске салсак, өткөн жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирген. ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов 2018-жылдын аягында өкмөт кодекстерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында 874 млн 274 миң 326 сом бөлгөнүн маалымдаган. Ал 8 тендер өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында 618 компьютер жана МФУ, тергөө бөлүмдөрүнө 386 штативдүүү видеокамералар сатылып алынып, орнотулганын билдирген. Ошондой эле 137 компьютер жана алардын бардыгынын ишин камсыз кылчу бир ири кубаттуу серве алынганы айтылган. Алгачкы текшерүү органдарына, нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерелрине, Коомдук коопсуздук кызматы жана ЖКККББ кызматкерлерине да 591 компьютер сатып алуу пландалган.

Булак: vesti.kg