Белгилүү коомдук ишмер, укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, алар 2019-жылы Элдик курултайдын аткаруу комитетинин демилгеси менен Референдум өткөрүү боюнча 12 000 кол чогултулуп парламенте тапшырышкан.

“- Ал референдумга төмөнкүдөй үч суроону алып чыгууну талап калганбыз:                                 

1. Курултай керекпи же керек эмеспи?

2.  Кандай башкаруу формасын тандайсыз?  Президенттикпи же Парламенттикпи?                     

3. Партиялыкпы, бир мандаттуубу же аралаш системаны тандайсызбы?

Биз мыйзам боюнча керектүү колду жайкы каникулга чейин чогултуп бергенибизге карабастан, парламент алты ай бою карабай жатып алып, акыры ал колдорубуздун  миңин жокко чыгарып жаратпай койду.

Биз айлабыз кеткенде депутат Курманкул Зулушевге кайрылып, Элдик Курултайдын койгон суроолору боюнча мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштадык. Ал биздин азырынча бир сурообузду гана колдой турганын айтып, мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке чыгарды. Анткени буга чейин бир дагы бийлик өлкөдө кандай башкаруу керек экендигин элден сурабай, өз билгениндей башкарып келди. Өлкөгө кандай башкаруу керек экендигин улам келген президент же парламент эмес, эл өзү чечиши керек. Ошондуктан Курманкул Зулушевдин мыйзам долбоору туура коюлган. Ал вирус жайыла электе эле коюлуш керек болчу. Техникалык себептерден гана ушул убакка туш болуп калды. Ошондуктан бул мыйзам долбоору туура коюлган жана Элдик Курултайдын дагы позициясын чагылдырат. Башкаруу формасы кандай болоорун эл гана чечиши керек”,- дейт Турсунбек Акун.

Белгилеп кетсек, Т.Акун Элдик курултайдын аткаруу комитетинин да мүчөсү.