- Коронавирусту  эч кимди жабыркатпай,  экономикабызга зыянын тийгизбей  жеңип кетсек болот?

- Азыр көпчүлүк саясатчылар бул маселе боюнча өз ойлорун айтып жатышат. Албетте, бул пикирлердин ар бирин терең анализдеп, анан айрымдарын колго алып, илдет менен күрөшүүгө курал катары колдонсо болот. Меним оюмча, Кытай өлкөсү коронавирусту бийликтин күчтүүлүгүнө байланыштуу жеңе алды. Ошондуктан, өлкөдө тартип болду, миллиондогон эл бийликти укту. Бирок, өтө катуу чечимдер болду. Мисалы, өзүнүн ооруганын  жашыргандар соттолуп же атууга кетет деген өтө катуу чараларды кабыл алууга мажбур болушту. Өтө катуу карантин режимин киргизишти. Францияда коронавирус менен күрөш Кытайдагы күрөштөн алда канча айырмаланат. Францияда күчтүү бийликтин негизинде эмес, тескерисинче билим, илим, тажрыйбанын негизинде жеңишти. Анан калса, элдин аң-сезиминин да өйдөлүгү чоң жардам берди десек болот. Франция биринчи оруулуу пайда болоруу менен дароо шашылыш чечимдерди кабыл алды. Коомчулукка дароо кабар берилип, коронавирусту алдын алуу жолдорун пропагандалашты. Элдер көп топтолгон жайларды жабышты. Франциянын тажрыйбасы кийин көпчүлүк өлкөлөргө жайылды. Бүгүн көпчүлүк өлкөлөр метро, кинотеатр, ресторан, кафе жана башка жайларды жаап жатышат. Менимче, Франция Италиянын кетирген каталарын эске алуу менен ушундай кадамдарга барды. Италияда коронавирус пайда болгондо орулуулар менен иш алып барып, ал эми аны алдын алуу боюнча чараларга маани берилген эмес. Оруу тарап кеткенден кийин гана университеттерди, мектептерди каникулга тараткан чаралар көрүлө баштаган. Кыргызстан адеп Арстан Алайдын прогноздоруна ишенип, “коронавирус эч келбейт” дегендей камырабай олтура берди. Соцтармактарда Арстан Алайдын билдирүүлөрү кайталанып, улам өйдө көтөрүлүп жаткандыгы кызык болду. Бирок, ММКлар тынчсызданып, эксперттер катуу талап кылып жаза баштаганда гана акырындык менен иш ордунан жылды. Президент С.Жээнбеков тезинен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, мамлекеттик структураларды мобилизациялап, аракеттер көрүлө баштады. Өкмөттө шатб түзүлдү. Анын жетекчилигине вице-премьер-министр Алтынай  Өмүрбекова бекиди. Албетте, мындай болгону менен иш чала жүрүп жатты. Мисалы, илдеттин дүйнөлүк масштабда кулач жайып жаткандыгына жана Кыргызстандын аны менен күрөшү чамасы чак болгондугуна байланыштуу штабды премьер-министр өзү жетектеши керек болчу. Мектептерди, ЖОЖдордун студенттерин каникулга таратып жибергени менен аларды “үйдөн чыкпагыла, корооңордо кечке ойнобогула” дегендей ооруну алдын алуу аракетери көрүлгөн жок. Бала-бакчалар жабылган жок. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча, өспүрүм балдар коронавирусту оңой көтөрүп  кеткени менен, балдар бул ооруну башкаларга жуктуруучулардан болуп табылганы эске алынган жок. Башка өлкөлөрдө бир адам өтө көп адамга дароо жуктуруп жатканын эске алганда өкмөттүн “жүз адамдан көп чогулушпасын” деген чечими өтө кызык болду. Ресторан, кафелер жабылган жок. Эң кызыгы, өкмөт дин чөйрөсүн контролго ала алган жок. Муфтияттагы ажылык бизнеси илгертен эле белгилүү болчу. Өтө көп чатак дал ошол ажылык бизнесинин негизинде келип чыкчу. Бирок, өкмөт бул процесстерди толук контролго ала албай жатканы анык болду. Балким, өкмөттүн айрым чиновниктери бул бизнес менен шугулданат. Муфтияттын позициясы өтө кызык болду.

- Неге мындай абалда ажылыкты токтотуп турушкан жок?

- Мен да ошого таңгалып жатам. Айтайын дегеним, эң алгачкылардын болуп Иран намазды токтотту, Мекке жабылды, булардан кийин башка өлкөлөр, биздин коңшуларда баарын токтотту. Бирок, Кыргызстандын Муфтияты эле көшөрүп, эч чара көралбай жатты. Коронавирус өлкөгө келээрге бир аз калганда гана айрым чектөөлөрдү киргизимиш этип, бирок намазды токтотпой жатты. Намазды “биринчи оорулуу пайда болду” деген сөздөр тарай баштаганда гана токтотту. Анан эле, эртеси, “Сузакта коронавирус пайда болду” деген маалымат тарады. Андан бир топ күн мурда эле өкмөт Меккеге барууга чектөө кабыл алган. Бирок, өкмөт, дин башкармачылыгы, Муфтият бул жөнүндө коомчулукка кабардар кылган эмес. Туркомпаниялар ажылыкка алып барууну уланта берген. Ошондо эле туркомпанияларга айтпай, элди кайтаруу боюнча чаралар көрүлүшү керек болчу.

- Өкмөттүн азыркы вирусту жеңүү аракети канааттандырабы?

- Өкмөт өтө катуу чаларды көрүшү  керек. Мен өкмөттүн кырдаалга жараша чечим чыгарып жатканын колдой албайм. Чек арачыларга, ошол жактагы медиктерге ишенип болбойт. Өзгөчө Кытайдын жарандары кирип жатканы жөнүндө көп сөздөр жүрүп жатат. Себеби, Кытайда соттолуу жана атууга берүү дегендей өтө катуу чаралар көрүлгөн. Ошондуктан, алардын жарандары акча менен болсо да, башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат. Эгер Бишкек же Ош шаарларына тарап кетсе, анда бул өтө көп калктуу шаарлар. Менимче, калктын негизги бөлүгүн айылдарга чыгарып жиберүү керек. Айылдарда дружиналарды уюштуруп, жабыш керек. Бишкек же Ошто максималдуу түрдө аз санда гана адам калышы керек. Болбосо өкмөткө ишнип олтура берүүгө болбойт. Кытайдын илим жана техника министрлигинин алдындагы биотехнология борборунун жетекчиси Чжан Синьминь “Синьхуа” агенттигине берген маалыматы боюнча кытайлыктар коронавирусту “Фавипиравир” препаратынын жардамы менен жеңишкен. “Фавипиравир” же дагы башка “Авиган” деген ат менен таанымал болгон препарат япониянын Fujifilm Holdings корпорациясы тарабынан гриппти аяктыруу үчүн ойлоп табылган. Аны Эбола ылаңына каршы да колдонушкан экен. 2014-жылы Японияда чыгарууга уруксат берилген. Ошондон бери адамга анын зыяндагы билинген эмес. Коронавирус менен ооруган кытайлыктар бул препаратты ичкенде тез эле сакайып кеткенин айткан. Менимче, Япония менен сүйлөшүп, ошол препаратты алууга аракет кылыш керек.

Мындан башкада, Италияда да коронавирусту Roche фармацевтикалык компания чыгарган ревматоид артритине каршы “Тоцилизумаб” (Tocilizumab) препараты менен аяктыргандары айтылууда. Ошолорду алуу боюнча иш алып баруу керек. Ошондой эле өкмөт элди мыкты мобилизациялоону уюштурушу керек, ошондо гана биз коронавирусту өтө чоң каражат коротпой, жоготуусуз жеңе алабыз.

Чынайым Кутманалиева