Урматтуу мекендештер!

17-март эгемен Кыргызстандын тарыхында кара тамга менен жазылган кара күн. 18 жыл ичинде 17-мартта Аксы окуясы ар кандай шарттарда, максаттарда, оппозиция, бийлик, укук коргоочулар, аксылыктар тарабынан ар кандай денгээлдерде эскерилип келет. Мындан 4-5 жыл мурун ошол кездеги президент А.Атамбаев 17-мартта бир ачуу чындыкты моюнга алып: “Эгерде Аксы окуясы болбогондо, аксылыктар болбосо 2005-жылкы март, 2010-жылдагы апрель ынкылаптары болбойт эле... баары Аксыдан башталган...”,- деп абдан таасын белгилеген. Ооба туугандарым, президенттик үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү - Аксыдан сиздер баштагансыңар!

Оболу сиздер Кыргыздын жеринин бүтүндүгү бузулуп жатканын Жогорку Кенеште көтөрүп, мыйзамсыз камакта жаткан өз депутатыңарды болгону үй камагына чыгарып коюуну бийликтен суранып, чогулуш, митинг өткөрүп, кол топтоп, ачкачылыкта турдуңар. Силерди жана өз коллегасын колдоп Жогорку Кенештеги аттын кашкасындай белгилүү жоон топ депутаттар чыгышты, ондогон укук коргоочулар, журналисттер, мекенчил инсандар ачкачылык акциясында жатышты. Ш.Назаркулов ачкачылыкта курман болду. Аксылыктардын үнү бүт дүйнөгө угулду, бир гана Ак үйдүн 7-этажына жетпеди... Үй-бүлөгө гана кызмат кылганды билген акаевдик бапиш чоң-сөрөйлөр, айрым депутаттардын кеңеши менен, “бөрк ал десе баш алган” аким, прокурорлор, милиция, КГБ кызматкерлери аксылыктардын үнүн биротоло өчүрүү үчүн 2002-жылдын 17-мартында, Кербенди көздөй тынч акцияда туруу үчүн бараткан элди Боспиектин тушунда автомат менен токтотуп ок чыгарган. Алты азамат окко учуп, ондогон эр азаматтар оор жаракат алышты. Аксы жергеси ыйга толду, эл кайгыда кан жутуп турду.

Бирок, аксылыктар сынган жок, кайра чыйралды. Эми саясий күрөштүн урааны – “Акаев кетсинге” айланды... Аксы окуясынын башынан аягына чейин бийликке сатылбаган, алданбаган, сынбаган жүздөгөн чыныгы баатырлары Аксы-Ош, Аксы-Бишкек жүрүштөрүн жасашты. Бийлик аларга каршы бүт күчүн жумшады. Аксылыктарды “оору, наркоман, аларга жолобогула”- деп, тууганды тууганга, элди элге тукурду. Бүткүл Кыргызстан боюнча дүжурлөрдү чогултуп, аларга караларды кошуп, аксылыктарга каршы тургузду. Итке талатты, камады, көчөдө асфальт үстүндө намаз окутту, депортация кылды...

Аксылыктар кыйналды, ооруду, азап тартты, далай жолу ийилди, бирок сынган, чөгөлөгөн, соодалашкан жок. Аксы жергесинен башталган саясий күрөш - президенттик үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланды. Үй-бүлөлүк башкаруунун автору, ээси - Акаев үй-бүлөсү менен 2005-жылдын 24-мартында өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду.

Урматтуу Аксылык туугандарым, сиздер үй-бүлөлүк башкарууну сындыруунун заманбап жолун таап, башка элге үлгү болуп, тарыхтын, мамлекеттик саясаттын нугун чукул буруп, тарых жараткан эл болдуңар!

Мен Аксы окуясында шейит болгон алты азаматтын ата-энелерине, жесирлерине, уул-кыздарына эч нерсе менен орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам! 17-март менин жүрөгүмдө да түбөлүк айыкпас дарт катары жан-дүйнөмдү кыйнап жашап келет. Аксы окуясындай кара күн кыргыз жеринде, элинде экинчи кайталанбасын. Жерибиздин бүтүндүгу бузулбай, элибиз ырыс-ынтымакта, бакубат турмушта жашасын! Бийлик ээлери мурдагы жолунан кайтып, Кудай аларга ыйман берсин.

Көрүшкөнчө сак-саламатта бололу.

Мен ар дайым силер мененмин!

Терең урматым менен, уулуңар

Азимбек Бекназаров