Биринчи май райондук сот кечээ ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын жарандык күйөөсү - Сыргак Кенжебаевди камакка калтырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Айтматова өзү бөлүштү.

Анын айтымында анда адилет соттук системага ишеним калган жок.

- Жолдошумдун соту боюнча эмне дээримди деле билбей калдым, - деди мурдагы эл өкүлү. - Соттук системадан адилеттүүлүктү күтпөй деле калдым. Соттун бардык чечимдери Ак үйдүн 7-кабатынын коңгуроосу менен чечилген өлкөдө башкача чечим болмок да эмес.

Мындан сырткары, Айтматова алардын «Үмүт 2020» кыймылы иликтөөлөрүн чыгарууну улантса, Кенжебаевге карата зомбулук кылынышы мүмкүн деген пикирде.

- Албетте, бул мага саясий кысым көрсөтүү ыкмасы, - деди ал. - «Үмүт 2020» иликтөөлөрүн улантса, абактагы күйөөмө кол салуулар болушу мүмкүн.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Кенжебаевди 2020-жылдын 20-апрелине чейин камакка калтырган. Жактоочу тарап бул чечимге каршы даттануу менен кайрылып, бирок, чечим өзгөрүүсүз калган.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматы шаарынын аэропортунан кытай ишкеринин арызынын негизинде алдамчылыкка шектелип кармалган. Айтматова күйөөсүнүн камалышын «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.

Булак: vesti.kg