Бүгүн, 4-мартта түштөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуу улантылат. Бул иш боюнча 14 айыпталуучу бар, алардын бири — мурунку президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекеттик айыптоочулар билдиргендей, Атамбаев сот залына алынып келген жок. Ал соттук угууга катышпоо боюнча өтүнүч келтирген. Мындан тышкары депутат Ирина Карамушкина да келген жок. Ал тажияга кеткен.

Жактоочулар камактагы айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышты. Судья кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, саат 14:30га чейин тыныгуу жарыялады.

«Процесстин ачык өткөнүнө каршы эмеспиз. Бүгүн алдын ала угуу гана өтүп жатат, ошондуктан жабык режимде каралат», - деди Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов.

Карамушкинанын жактоочусу Александр Типеровдун айтымында, бүгүн сот алдын алуу угууну жыйынтыктап, ишти кароого өтүшү керек.

Кечээ, 3-марттагы отурумда А.Атамбаев көрсөтмө берген эмес. Ошондой эле отурум жылдырылган болчу.

«А.Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты, анткени бул сот процесстерин, кол тийбестиктен ажыратууну, Батукаев боюнча кылмыш ишти, "Альфанын", ИИМдин атайын бөлүмдөрү менен чабуул жасоону жана өзүнүн камалышын мыйзамсыз деп эсептейт», - деп жазган депутат Карамушкина социалдык тармактагы баракчасына.

Отурум жылдырылганы жарыялангандан кийин Алмазбек Атамбаевди атайын унаа менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алып кетишкен.

Булак: Баракелде