Аида Рысбаева Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи май районунун жетекчиси Алибек Биримкулов мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана райондук кызматтардын жетекчилеринин пландык жыйынында социалдык маселелер боюнча жаңы орун басар — Рысбаева Аида Жолочуевнаны тааныштырды.
Буга чейин Рысбаева Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгын жетектеп келген. Билими боюнча дарыгер, саламаттыкты сактоо системасында эмгектенген. Ошондой эле №13 үй-бүлөлүк медицина борборун жетектеген.
Жыйында 2020-жылы калкты жана турак жайды каттоого даярдануу, балдарды мектепке электрондук түрдө жазуу жана вирустук ооруларды алдын алууга чара колдонуу маселелери талкууланды.
Булак: Баракелде