- Соцтармактарда –“экинчи март күнү митингге чыгабыз, силер да чыккыла!” деген тариздеги чакырыктар көбөйүп кетти. Жер-жерлердеги даярдыктар тууралуу да маалыматтар таркап жатат. Бул нааразычылык акциясына ар кандай максаттарды көздөгөн, ар кандай талаптарды койгон, ар түркүн, чачкын саясый топтордун катышаары белгилүү болуп калды.

Демейде бири-бирин көргүсү, уккусу келбеген күчтөр жалгыздап аракеттенгенде азчылык болуп, колдорунан эч нерсе келбесин, талаптары аткарылбасын, бийлик аларды тоготпосун сезишип, биргелешип аракеттенүүгө, колдон келишинче катышкан адамдардын санын арбытканга мажбур болуп жатышканын гана байкоого болот.

Эртең камактагы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен ал каматкан Садыр Жапаровдун тарапташтарын бир митингден көрүп калсаң таңданбаган заман келип калды окшойт. Жумушсуздуктан, жакырчылыктан жабыркап, бар күнөөнү бийликтен көрүп жүргөн жарандардын көбүнүн кулактары көтөрүлүп, борбордук аянтты көздөй агылып митингге кошулчудай болуп турат.

Эң кооптусу, булардын башында 2005-жылдын мартындагыдай, же 2010-жылдын апрелиндегидей ачык чыгып, талаптарды иреттеп, көздөгөн максаттарды ачык айткан “КЭК” (Кыргызстан Элдик Кыймылы), “БЭК”(Бириккен Элдик Кыймыл) сыяктуу, жоопкерчиликти мойунга ала турган бирдиктүү уюм, саясый күч жок.

Бирок булардын аркасынан тымызын колдоп, каржылап жаткандар да бар сыяктуу. Алар негедир жүзүн жашырып, ачыкка чыкпай жатышат. Анткени ойлору арамдык... “Эптеп бир тополоң, төңкөрүш болуп кетсе, же бийлик алсыраса, талаптарым аткарылып, максатыма жетсем”- деген план экени айтпаса да түшүнүктүү болуп турат.

Ар кошкон, уюштуруучу, катышуучу уюм, топтордун жетекчи өңдөнгөндөрү деле бул митингге провокаторлор, тополоңчулар, марадерлордон бери келип арты тополоңго айланаарын сезип эле турушат. Бирок, баары бир  ал пландарынан кайтпай, тобокелге бел байлап жатышкандай.

Ошол үчүн, жоопкерчиликтен качышып, -“биз төңкөрүш кылалы деген жерибиз жок, “биз баланчаны түрмөдөн бошот”, деген талап менен гана чыгып жатабыз”- дегенди тынымсыз саймедиреп, эртеңки жоопкерчиликтерин гана ойлоп, тынчсызданып жатышат.

2005, 2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштү жалпы кыргыз эли колдоого алган. Анткени “үй-бүлөлүк, криминалдык, авторитардык” бийлик орноп, адилетсиз бийлик элдин канын соруп, бийлик, байлыкка манчыркап, адамдардын укугун көзгө илбей, четинен каалаганын өлтүрүп, өрттөп баштаган.

А азыр ошондой авторитардуу бийлик орнодубу? Сооронбай Жээнбеков баюууну гана көздөп жеке чөнтөгүнө иштеп жатабы? Антип бул митингди уюштуруучулар да айтышкан жери жок го?

Анан эмне үчүн, “тигини бошот, муну токтот” деген нааразычылыктар үчүн элдин тынчтыгын тобокелге салганы жатабыз?

Эми бул митингдин арты тополоңго айланып, бейкүнөө жарандар жабыркап, борбор калаабыздын чаңы сапырылып, өлкөбүздөгү туруктуулук бузулса кимге пайда?

Эртеңкини ойлойлу да. Эсибиз барда этегибизди жаппайлыбы.

Уюштуруучулардын бирде жарымы болсо да эсине келип, ойунан кайтса деген тилек менен,

Сабыр МУКАНБЕТОВ.

(2005, 2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштөрдүн уюштуруучуларынын бири)