Соцтармактарда 2-марттагы митингдин шылтоосу менен бийликти басып алуу максаты тургандыгы катуу талкууга түштү. Абактагы саясатчынын досу, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге байланыштуу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар да айтылууда.

Камчыбек Ташиевге байланыштуу таркатылып жаткан маалыматтардын баары калп! Чагымчылардын эмне максатты көздөп, бул фэйк маалыматтарды таркатып жатышканы түшүнүксүз. Менин билишимче, К.Ташиев учурда Жалал-Абадда жүрөт. Жыл сайын, 8-мартка карата энелерге сый көрсөтөт. Ошого даярдыктарды жасап жүрөт. Ошондуктан, анын эртеңки митингге катышпай тургандыгын билем”,- деп билдирди “Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов.

Анын айтымында, 2019-жылдын 19-декабрында да С.Жапаровду колдоо митинги болуп өткөн: “Анын максаты таза болчу – Садыр Жапаровду абактан чыгаруу. А эртеңки митингдин максаты башкача боло баштады. Митингди уюштуруп жаткан С.Жапаровду колдоо комитети президенттин коррупцияга каршы саясатын колдоого алышаарын, митинг тынчтык мүнөздө гана боло тургандыгын айтууда, атайын билдирүүсү да бар. Бирок, башка күчтөрдүн кошулуп, митингдин артынан элди козгоону максат кылып жатышса, кантип колдоого алуу керек?! Тескерисинче, элдин тынчтыгын бузгусу келген күчтөргө чечкиндүү чара көрүү зарыл”.