×

Ошибка

Resource not found (02:50 min ago).

Алмазбек Атамбаевдин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков (КСДП) билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында дарыланат.

«Кан басымы төмөн экени мурун эле белгилүү болчу, азыр сүйлөшкөндө өзү деле айтты. "Күнүгө өзүмдүкүн өзүм жазып жатам" деди. Анын кан басымы 80/60 болуп жатат. Эртең мененки тогуздан баштап кечки тогузга чейин бал менен чай ичип, көтөрүп жатыптыр. Бирок УКМКнын балдары жакшы мамиле кылып, күнүгө эки жолу спорт залга алып барып жатышканын айтты. Кечээ акыйкатчынын орун басары келгенде тескерисинче кан басымы көтөрүлүп, башы ооруптур», - деди ал.

Депутат Атамбаев ордунан турганда жыгылып кетейин деп жатканын кошумчалады.

«Ушунчалык аракет кылып жатам, секирчү эмесмин, спорт залга барып секирип жатам. Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп аракет кылып жатам" деп ачык эле айтты», - деди Момбеков.

Ал эми депутат Асел Кодураңова: «Кан басымы түшүп жатат. Негизи эле ал кишинин кан басымы төмөн. 6 айдан бери жабык мекемеде отурса, эшикке кенен чыкпаса, кан басымы түшөт да. Таза аба жок. Атамбаев азыр чайга бал кошуп, шоколад менен кан басымын көтөрүп жатыптыр», - деди.

Ошондой эле Кодураңова Атамбаев тарапташтарына ыраазычылык билдиргенин белгиледи.
Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн УКМКнын абагына киришкени маалым болгон.

«Депутаттар А.Атамбаевдин ден соолугунун абалы менен таанышат. Буга чейин аны менен Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү жолуккан», - деп айтылган УКМКнын маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү кечээ, 20-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев менен жолугушканы маалымдалган.

Маалыматка караганда, А.Атамбаев абактагы шартка даттанган жок. Анын айтымында, акыркы учурларда кан басымы төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат.

«Жолугушууда башка көйгөйлөр да айтылып, Акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев Атамбаевдин абалы начарлап [кан басымынын төмөндөшү] кеткенин билдирген болчу. Ал эми УКМК анын абалы туруктуу экенин маалымдаган.


Булак: Баракелде