Арстан Алайга карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулду. Буга кылмыштын курамы жок экени себеп болгонун бүгүн, 21-февралда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Арстан Алайдын (Абдылдаев) айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголгонун 2019-жылы 18-октябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине да катталган.
Кылмыш иш Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги 313-берене (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча өндүрүшкө алынып, диний жана лингвистикалык экспертиза да дайындалган болчу.
Ага чейин Арстан Алай маалымат жыйын уюштуруп, өзүн Кудай деп атаган.
Булак: Баракелде