Быйылкы күздө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Азырынча андагы пайыздык чек тактала элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 20-февралдагы жыйынында 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылып жатканын билдирген. Өлкө башчы ар бир пайызга байланыштуу пикирин айткан болчу. Жыйындан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын да пикирин угуп көрдүк.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында:

«Бул маселе боюнча менин пикиримди билүүгө ынтызар болгон мекендештер, айрым депутаттар, мага түз да, маалымат каражаттары аркылуу да кайрылышты. Тогуз пайыз деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле. Бул норма шайлоого катыша турган саясий күчтөр тарабынан кызуу талкууга алынып, азыр өзгөртүүнү талап кылууда. Дээрлик жарым жылга жакын созулуп келе жаткан талкууга мен да көңүл буруп турдум», - деди өлкө башчы.

С.Жээнбеков 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылып жатканын билдирип, ар бир пайызга токтолуп кетти.

«9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне, бизде жакшы сөз бар го, "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген. Ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааныйт.

7 пайыз — биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар “жаштарга мүмкүнчүлүк берели“ деген элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында, жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат», - деген.

Булак: Баракелде