Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, анын жүрүшүндө өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди.
Андан кийин өлкө башчы аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача айтып берди.
«Тергөөнүн жана сот процессинин ачык-айкындыгына багытталган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Санариптик инфраструктура, аудио-видео байкоо жана протоколдоштуруу киргизилип жатат. Эски репрессивдик мыйзамдардан кетип жатабыз. Максатыбыз — олуттуу эмес мыйзам бузууларды жасаган жарандарды, өзгөчө жаш өспүрүм балдарды криминалдык чөйрөнүн түз таасиринен сактап калуу, кириптер кылбоо.
Ошону менен катар судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоо сапатын жогорулатуу талабы коюлууда. Мыйзам бузган бир нече судьялар кызмат орундарынан бошотулду. Реформаны баштаар алдында 2018-жылы мен сот корпусуна кайрылгам. Реформанын ийгилигин камсыз кылуу үчүн эмне керек деген суроомо "саясий эрк жана акча каражаты" деп жооп беришкен. Менде саясий эрк бар. 2019-жылы көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, сот реформасын баштадык.
Акча каражаты да бюджеттен жетишерлик деңгээлде бөлүнүүдө. Бирок эки жылдык турмуш көрсөткөндөй, каржылоо, санариптен тышкары — абийир соту орномоюн, сот системасы тазаланбайт. Соттордун адамдык абийири, ички ыйманы ойгонбосо, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ансыз канча каражат жумшабайлы, ийгиликке жетпейт.
Эрк бар, каражат бар. Сот реформасын техникалык, каржылык жактан жетиштүү деңгээлде жүргүзүп жатабыз. Анын ийгилиги соттордун өзүнө көз каранды. Алардын абийир сотуна көз каранды.
Коррупцияга каршы күрөштү улантып жатабыз. Кол тийбес, туруктуу иштеген коррупциялык схемаларды түзүшкөн айрым жогорку чиновниктерге, пара алуучуларга каршы ачык күрөш жүрүүдө. Бул иш мындан ары да уланат, күчөйт. Анын жүрүшү Коопсуздук кеңештин үч жыйналышында каралды. Сиздерде толук маалымат бар.
Албетте, коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз. Коррупцияны алдын алуу максатында өлкөнү туташ санариптештирүү, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жолдорун колго алып жатабыз», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Булак: Баракелде