Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышып, анын жүрүшүндө өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди.
Андан кийин өлкө башчы санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача айтып берди.
«Укук коргоо органдары "Бирдиктүү терезе" аркылуу элге кызмат көрсөтүүдө. "Бирдиктүү терезе" принциби калкка кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдардын ишине киргизилет. Санариптешүүнү мен ойлоп тапкан жокмун. Бүт дүйнө жүзү санариптештирүүнү киргизип, алдыңкы технологиялар менен алдыга кетип жатышат. Тилекке каршы биз кеч баштадык, артта калдык. Бирок биз абдан амбициялуу максат койгонбуз, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Борбор Азиядагы эң алдыңкы мамлекет болобуз деген.
Баарыңар түшүнүп турасыңар, коррупцияны жоюунун бир гана жолу — санариптештирүү. Ошондуктан санариптештирүү менен өзгөчө көзөмөлүмдө жана приоритеттүү тармак катары күнүгө бул боюнча иштеп жатам.
Мен премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик технология жана байланыш комитетин түзгөнбүз. Ошонун негизинде "Түндүк" системасын киргизгенбиз, пилоттук режимде баштаганбыз. Бирок тилекке каршы кыска мөөнөттө солгундап кетти. Бирок азыр колго алдык, каражат бөлүп, тиешелүү адистер менен камсыз кылып, тездетип жатабыз. Бизге санариптештирүү азыр аба менен суудай керек. Ошондуктан бийликтин 3 бутагы, мен баш болуп электрондук башкарууга өтүшүбүз керек. Президенттин аппараты толугу менен электрондук башкарууга өттү», - деди С.Жээнбеков.
Булак: Баракелде