Өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрү бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда ант берип жатышат. Алардын ант берүү аземи президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров Замирбек Марипбаевич ант берди.
«Мен, Аскаров Замирбек Марипбаевич Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга жана Кыргызстан элине кызмат кылууга ант берем. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын», - деди.
Замирбек Аскаров Ош облусунун Ноокан районуна караштуу Кеңеш айылында 1973-жылы 1-октябрда туулган.
Ош мамлекеттик университетинде билим алган. Кесиби — педагог.
Замирбеков эмгек жолун Ош мамлекеттик университетинде сабак берип баштаган. Андан соң Ош шаардык туризм, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрагасы, кийин Ноокат районунун башчысы, Ош шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Ал эми 2018-жылы вице-премьер-министр болуп шайланган. Аскаров бул кызматынан берген арызына ылайык бошотулган болчу.
Булак: Баракелде