Жаңы дайындалган вице-премьер-министр Асрандиев Эркин Шамшудинович Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-февралдагы жыйынында ант берди. Парламенттин залында президент Сооронбай Жээнбеков да бар. Жыйын башталганда төраганын орун басары Аида Касымалиева бүгүнкү жыйынга 112 депутат келгенин билдирген.
Э.Асрандиев тууралуу тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун басма сөз кызматы 6-февралда билдирген.
Булак: Баракелде