Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-февралдагы жыйынына 112 депутат катышып жатканын төраганын орун басары Аида Касымалиева айтты. Буга чейин парламенттин бүгүнкү жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант бере турганы маалымдалган.
Алгач процедуралык маселелер каралып, депутат Талант Мамытов Айеркен Саиматинин өлүмү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн дагы бир айга узартуу маселесин күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Жыйын уланып жатат.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары төрага Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен Бириккен Араб Эмираттарына иш сапарга кетишкен.
Парламенттик делегациянын курамында төраганын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев, Абдимуктар Маматов жана муфтий Максатбек Токтомушев бар. Ошондой эле делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев, экономика министринин орун басары Султан Ахматов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев коштоп барды.
Булак: Баракелде