Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет. «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсү президенттин катышуусу менен өтөт.
Ошондой эле жыйында Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, өлкөнү өнүктүрүү жана коомдогу ынтымакты бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолот.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкөнүн президенти Жогорку Кеңештин жыйындарына чыгып сүйлөөгө укуктуу», - деп айтылды маалыматта.
Булак: Баракелде