Борубаев Назирбек Нарматович Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борубаев Назирбек Нарматович

Билими: Жогорку, Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган.

1969 — Лейлек районунун «Кара-Суу» сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими;

1975-1984 — «Кыргызгипрозем» институтунун Оштогу филиалында инженер, партиянын башчысы;

1984-1986 — Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер-жер пландоочу;

1986-1989 — Лейлек райондук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;

1990 — партиянын Лейлек райондук комитетинде инструктор;

1992-жылга чейин Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин төрагасы;

1992-1994 — Лейлек районунун «Кара-Суу» айыл чарба кооперативинин төрагасы;

1994-1996 — Лейлек райондук агрардык реформа боюнча борборунда башкы адис;

1996-1999 — Лейлек районундагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы;

1999-2000 — Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;

2000-2011 — Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча борбордун директору;

2011-2013 — «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк аймактык бөлүмүндө башкы адис;

2013-2020 «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.

Булак: elgezit.kg