Анын чек ара маселелери боюнча жетиштүү иш алып баралбай аткандыгы буга чейин айтылып, жазылып, кызматтан кетүүсүн талап кылгандар да болгон.  Бирок ал убакта Жеңиш Разаковду кызматтан алуу күн тартибине чыккан эмес. Эми күтүүсүздөн аны кызматтан алууга эмне себеп болду?

Анын ордуна милициянын генералы, мурдагы ИИМ башчысы Мелис Турганбаев келери  айтылууда. Эгерде Мелис мырзанын Ата-Башынын кулуну экенин эске алсак, анда ал Ат-Башыдагы логистикалык борборду курууну ийгиликтүү баштап, ага каршы чыгып аткан элди сооротуп, тынчытуу үчүн керек болуп калган жокпу, ыя? Антпесе, жергиликтүү эл логистикалык борборду курууга каршылыктарын билдиришип, анын курулушунун үзгүлтүккө учуроо коркунучу пайда болуп атпайбы. Бүтүндөй Өкмөт аталган борборду куруу зарылдыгын жергиликтүү элге жеткире албай, айласы кетип, бир адамга күнү түшүп калган болсо, анда жыргаган экенбиз…


Булак: “Майдан-пресс”