Ал сайттар, аккаунттар экстремисттик топтордун, койнунда котур ташы  бар  саясий күчтөрдүн куралдарына айланып калды. Андай коомго коркунучтуу интернет ресурстарын жок кылуу мезгилдин талабы болууда. 

Башкы прокуратура экстремисттик деп эсептелген 100дөн ашык сайт жана 300 аккаунттун иши токтотулганын маалымдады. Ошондой эле соттун чечими менен наркотикалык заттарды рекламалаган 21 маалыматтык ресурска кирүүгө да чек коюлду. Буга байланыштуу айрымдар сөз эркиндигин бетке кармап, ар кандай сөздөрдү айтышы мүмкүн. 
Бирок, мамлекеттик коопсуздук маселесин эске алганда, бул эң туура чечим экенин белгилей кетели. Муну менен катар элдин биримдигине доо кетирип, түндүк-түштүк маселесин козгоп, элди козутуп, элди бийликкке каршы тукуруп, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирген бардык аккаунт, сайттардын да иштери токтотулушу керек! Мамлекеттик коопсуздук маселесине келгенде бийлик бардык чараларды көрүшү абзел. 


Булак: “Майдан-пресс”