Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго азырынча вице-премьер-министр кызматын сунушташа элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.
Анын айтымында өкмөттөн ага азырынча мындай сунуш түшө элек.

- Сунушташса, байкаштырып көрөм, - деп бөлүштү ал.
Эске салсак, вице-премьерлик кызматка үч талапкер каралып жатканын Vesti.kg сайтына жеке булактар маалымдаган.

Кабмин социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатканы айтылган.

Булак: VESTI.KG