“Босоголук чек боюнча ар кандай талкуулар болуп жатат. Эгерде шайлоодогу босого чек 9% пайыз болсо, парламенттеги партиялардын түзүлүшүн күчөтмөк. Бирок ошол эле учурда сүйлөй турган опозиция келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан коомчулук көтөрүп жаткан маселеге байланыштуу биз босого чекти 7% га төмөндөтүү тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун сунуштап жатабыз. Ал эми босого чекти 3% же 5%га түшүрүүгө өзүм деле каршымын”,-деди Маматалиев.
Булак: govori.tv