Жеңиш Разаковдун өмүр баяны:
Разаков Жеңиш Парпиевич 1967-жылы Ош облусунун (азыркы Баткен облусу) Кызыл-Кыя шаарында туулган.
Жогорку билимдүү.
- 1990-жылы маршал Д.Ф.Устинов атындагы Ленинград аскердик-механикалык институту;
- 1997-жылы ИИМдин Республикалык окуу борбору;
- 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультети (сырттан окуу бөлүмү);
- 2013-жылы ИИМ Академиясы, 1-факультет (сырттан окуу бөлүмү).
Ишмердүүлүгү:
- 1990-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы «Алай» унаа куруучу заводдо уста;
- «Алай» заводунун өндүрүү цехинин жетекчиси, жетекчинин орун басары;
- 1996-жылдан тарта укук коргоо органдарында кызматкер;
- 2000-жылы Баткен РИИБдин экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга күрөшүү бөлүмүндө ыкчам ыйгарымдуу өкүл;
- Кийинчерээк Баткен РИИБдин жетекчисининн орун басары;
- 2011-жылдын 15-апрелинен 2012-жылдын 1-февралына чейин Баткен РИИБдин жетекчиси;
- 2012-жылы 1-февралда Баткен облусунун губернаторунун – мамлекеттик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу;
- 2012-жылдан 2016-жылга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- 2016-жылдын июнь айынан 2017-жылдын августуна чейин вице-премьер-министр;
-2017-жылдын август айынан 2017-жылдын октябрына чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- 2017-жылдын 26-октябрынан 2018-жылдын 20-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;
- 2018-жылы 20-апрелде вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Кошумча маалымат:
- милициянын полковниги;
- 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучусу;
- «Даңк» медалы менен сыйланган.
Булак: Баракелде