Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февралда билдирди. «Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Разаковдун отставкасы кабыл алынып, вице-премьер-министр кызматынан берген арызына ылайык бошотулду», - деп айтылат маалыматта.
Жеңиш Разаков Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен чек ара маселелерине жооптуу болчу.
Ал 2016-жылдын июнь айында чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалса, 2017-жылы август айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Ал эми 2018-жылдын апрель айында вице-премьер-министр кызматына келген.
Булак: Баракелде