Буга чейин 2018-жылы ушул эле министрликтин башчысынын орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

SUPER.KG порталы "Эки жыл аралыгында транспорт министринин эки орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бийлик коррупция менен күрөшүүдө негизги кандай кемчилик кетирип жатат?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов коррупцияга каршы күрөшүү иши жакшы жүрүп жатканын билдирди.
"Чоң кызматтагылардын кармалып жатканы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүнүн далили. Бирок аткаминерлер саясатты түшүнбөй жатат. "Пара ала берсек болот" деп эски психологиядан арыла албай жатышат. Айрымдары коррупцияга каршы күрөшүү тандалма жүрүп жатат деп ойлошууда. Бирок күрөш тандалма жүргөн жок", - дейт Бектур Асанов.


Булак: super.kg