Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпысынан республикада өткөн жылы 44 кош бойлуу аял көз жумган. 2018-жылы 52 аял каза болгон.

Энелердин өлүмүнүн негизги себептери кош бойлуулук учурдагы оорулар – 31,8 пайыз, кан кетүү – 22,7 пайыз, сепсис – 18,2 пайыз, преэклампсия, эклампсия – 15,9 пайыз жана анафилактикалык шок, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы боюнча - 9,1 пайыз, бир жолкусунда өлүмдүн себеби аныкталган эмес – 2,3 пайыз.


Булак: super.kg