Буга ылайык Баткен облусунун Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы жер тилкелерин Тажикстан менен биротоло алмашуу сунуш этилүүдө. Бирок, Тажикстан булардын ордуна кайсы жерлерин Кыргызстанга ыроолоору азырынча белгисиз...
- Бул ирет Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек тилкелерин алмашуу жагы биротоло сүйлөшүлдү. - бул туурасында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ачыктады. - Эгерде жергиликтүү тургундар буга караманча каршы болушса, андай эч кандай алмашуу жүрбөйт! Биз он сегиз жаштан жогорку ар бир жергиликтүү жашоочу менен жеринде сөзсүз бир-бирден гана жолугушабыз.
Өкмөт төрагасынын орун басары Жеңиш Разаковдун кебине караганда, адистер кыргыз-тажик чек арасы боюнча 134 топографиялык картаны белендешти. Ал эми чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтор 120 чакырымдан ашык жерди жөө дагы басып чыгып, анан гана изилдөө иштерин тыкыр жүгүзүштү. Булардын жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туптуура келээри акыры айгинеленди. Вице-премьер-министр мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгендиги жана аларды биротоло бекитсе болоорун дагы кошумчалады.
Бул арада бир катар мекендештерибиз Кыргыз Өкмөтү өлкө түштүгүндөгү чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо жараянын өтө эле кашаң жүргүзүп жаткандыгына ичтери чыкпагандыгын ачык айтышып, жер-жерлерде үстөккө-босток нааразычылык акцияларын өткөрүшүүдө. А түгүл алар Баткен облусунун мурунку губернатору, азыркы күч түзүмү боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан токтоосуз кетишин дагы талап кылышып, бул үлкөн аткаминердин чек ара маселесин жайгарууда өтө эле чабалдык кылып жаткандыгын жүйөө тартышууда.
- Биз Баткен облусун ыкчам өнүктүрүү боюнча буга чейинки бардык программаларды көтөрүүнү талап кылабыз. Алар бар, тилекке каршы, ушул күнгө дейре таптакыр унутулуп, бири дагы аткарылбай келатат. Жок дегенде аталган аймакты мыйзам чегинде көтөрүп, анан дагы мында аймак жашоочуларынын ой-пикирин дагы эске алуу менен туруктуу өнүгүү механизмдерин иштеп чыгуубуз абзел! Ушул тапта Баткен облусу иттин куйругундай эле болуп калды. Отуз жыл аралыгында биздин абалыбыз уламдан улам начарлап эле бара жатат. Карагылачы? Мына, 2020-жыл өкүм сүрүп жаткандыгына карабастан бир метр жерге дагы чекара зымдары Кыргызстан тараптан таптакыр тартыла элек,- деп тышылдады “Чек ара” коомдук бирикмесинин активисти Асхат Осмонов.
Буга улай нааразычылык акциясынын катышуучулары Баткендеги чек ара аймагынын жашоочуларына бир катар жеңилдиктерди дагы ыроолоп, ал эми мындай камкордукка ылайык түгүл ар бир үй-бүлөгө токтоосуз жөлөк пул дагы чегерилишин абдан катуу талап этишти.
Ошол эле убакта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп кайтарып жатып айрыкча Бишкек шаарындагы митинг акча менен уюштурулган деп эсептей тургандыгын моминтип ачыктады: “- Менин жеке оюмча, булардын баары тең - жалаң акча менен чыгарылган адамдар. Эгер “Кимдин адамы көп” десеңер, мен деле адамдарымды чыгарып көрөйүнчү? Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берелиби? Бирок, мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай таптакыр мүмкүн эмес!”.
Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жогоруда айтканы үчүн чек ара маселеси боюнча митингге чыккандардан чукул арада кечирим суроосун Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан туруп катуу талап этти: “- “Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле?” деп көтөрүлгөн элди “Акчага чыккандар!” деп атады. Бул - элди ачыктан-ачык мазактоо! Жеңиш Разаков мырза же сот алдында жооп бериши керек! Же кызматын токтоосуз тапшырып, таптакыр болбосо, бүгүнтөн калбай элинен кечирим суроосу кажет! Анткени, анын колунда эч кандай факты жок! Баткенден, айыл-ападан атайын келишкендер элди козуткан радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым калктын талабын канкакшап айтып жатышса, буларды “акчага чогулгандар” деп ачыктан ачык келекеледи. Бул эл башкаган адам үчүн абдан чоң жанылыштык!”.
Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Таабалды Тиллаев Кыргыз Өкмөтү адегенде жерледи алмашуу боюнча жергиликтүү тургундар менен өз ара эсептешип, алардын арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараяны жүргүзүлбөгөндүгүнө катуу кейип-кепчиди: “- Алмашылчу жерлерди элге жакшылап түшүндүрүү кажет. Топографиялык картаны көрсөтүп коюп эле “ушул жерлерди алмаштык!” деген таптакыр акылга сыйбайт! Ырас, кол коюп салышкандан кийин эл урушуп турса дагы, сөзсүз маселе жаралат. Ошондуктан, чек ара маселеси боюнча жумушчу топ Баткен облусунун Көк-Таш, Самаркандек жана Ак-Сай айылдарына барышып, алмашылчу жерлер боюнча элге дагы жеткиликтүү маалымат берүүгө тийиш!”.
Кыргыз парламентинин дагы бир өкүлү Карамат Орозова Кыргызстандын күч түзүмдөрү чек арада жашаган жарандарды коргоонун ордуна, кайра аларды чекесинен камап, кыр көрсөтүп, коркутуп-үркүтүп жаткандыгына аябай тызылдады: “- Силер, милиция кызматкерлери, муну менен биздин элди кошуна мамлекеттин алдында абдан алсыз кылып, аларды жер каратып, бечарага айлантып жатасыңар. Ошондуктан, илгерки ыкмаңарга салып, карапайым калкты моминтип коркутуп-үркүтпөгүлө! Элге тескерисинче түшүндүрүүнү күчөтүп, анан алардын коопсуздугун дагы толук кандуу камсыз этип бергиле? Буларды силер коргобосоңор, деги ким коргойт, ыя? Же эмне, баткендиктер эки жактан тең тепки жей беришеби? Ансыз дагы алар үйүндө ээн-эркин жата албай калышты. Ошондуктан, биз укук коргоо органдарынын ишине токтоосуз баа беришибиз кажет. Булар баткендиктердин баарын тең камап коюшса деле, кол куушулуп олтура беребизби, ыя, айланайындар?”.
Деген менен соңку сааттарда Кадамжай райондук соту кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын эки тургунун - Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына бошотту. Булар Кылмыш-жаза Кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кармалган эле. Райондук сот өкүм чыгарганда Үсөн Сапарбаевдин экинчи топтогу майыптыгын, ал эми Улукбек Сапарбаев беш баланын атасы экендигин көңүлгө бекем тутту. Булардан тышкары кармалган аталган айыл тургундары Зайнидин Бердиев менен Нурлан Сапарбаев эки айга камакта калтырылды. Алар Кылмыш-жаза Кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) жана 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча айыпталууда. Айтмакчы, буга чейин быйылкы 11-январдагы Кадамжай районунун Көк-Таш айылындагы Кыргыз-Тажик чатагында төрт жергиликтүү тургун кармалгандыгы кабарланган эле.
Айтмакчы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Мунун 450 чакырымдан ашыгы дагыле тактала элек. Ошондуктан, буга дейре 10-11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы соңку чек ара чырынан кийин эки тарап кайрадан жолугушуп, алты пункттан турган протоколго дагы кол коюшкан. Эми минтип Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн топография боюнча жумуш топтору жолугушуп жатышат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы