Жогорку Кеңеш Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына, Замирбек Аскаровду ӨКМ башчылыгына жактырды.
Эске салсак, Асрандиевдин талапкерлигин сунуштап жатып, премьер-министр ал экономикалык блокту тескерин белгилеген. Бул жагдай башка вице-премьерге чек ара маселелерине басым жасоого өбөлгө түзөт.

Эркин Асрандиев буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрү фондун жетектеп келген, ал эми Замирбек Аскаров вице-премьерлик кызматын аркалап жаткан.

Булак: VESTI.KG