А.Салянова айыпталуучу Эрмек Осмонкуловдон тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн эмне үчүн баш тартканын сурады.

«Анткени ал көрсөтмөнү кыйнашканда бергем», - деди айыпталуучу.

«Сиз Асанэмир Абыкуловдун ысымын атагандан кийин кыйноолор токтодубу», - деп сураган Саляновага айыпталуучу «ооба» деп жооп берди.

Өз кезегинде Салянова Осмонкулов Абыкулов тууралуу айтып берген көрсөтмөнү окуп берип, бул көрсөтмөдө чындык айтылбаганын кошумчалады.

«Азыр Маке деген адам тууралуу айтып, Улан Салянов бирөөгө карыз болчу, карызды алганы келгенбиз деп жатасыңар...», - деди ал.

Сот залында маркумдун жакындары кыйкырды.

Улан Саляновдун уулу: «Менин атам эч кимге карыз эмес болчу», - деди.


Россиянын Москва шаарынан Бишкекке ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин атайын кайтаруусунун негизинде мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө негизги шектүү болгон жаран алынып келген.

2017-жылдын 6-ноябрында түн ичинде бет кап кийген 3 белгисиз адам Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар үйдүн бөлмөлөрүнүн биринен үйдүн ээси — 1975-жылы туулган Улан Саляновго карата ок чыгарышып, андан соң качып кетишкен. Ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам У.Салянов ооруканага бара жатканда каза болгон.

Аталган факт Аламүдүн РИИБ тарабынан катталып, Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин андан ары иликтөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

2017-жылдын ноябрында У.Саляновдун өлүмүнө шектелип Чүй облусунун 1986-жылы туулган тургуну Э.О. кармалган болчу. Ал буга чейин бейбаштык, талап-тоноо фактысы боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Э.О.го кылмыш жасагандыгы тууралуу айып тагылып, тергөөнүн материалдары сотко жөнөтүлгөн.

22-майда Москва шаарынан Бишкекке Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип Токмок шаарынын 1983-жылы туулган жашоочусу А.А. учак менен алынып келген. Ал буга чейин оор кылмыш жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Аталган жаран алдамчылыкка шектелип жана Кылмыш-жаза кодексиндеги (эски кодекс) 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча изделип жаткан. Ал Россиянын жана Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Москва шаарында кармалды.

Булак: Баракелде