Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасында билдирди.
Тергөөчүлөр жана прокурорлор жогоруда аты аталгандардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн 2 айга узартууну суранышат.
Карамушкина менен Жолдубаева Кой-Таш окуясына байланыштуу ачылган кылмыш ишинде бир нече берене менен шектелип, 9-февралга чейин үй камагына алынган.
Эске салсак, 2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери расмий түрдө аяктап, учурда шектүүлөр материалдар менен таанышуу процессинде.
Булак: Маралфм