Аталган долбоордун алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдардын өлчөмү көтөрүлүп, бүгүнкү күндө анын натыйжасы жаман эмес. “Коопсуз шаар” 2019-жылдын 4-мартында ишке кирген болсо, андан бери видеокамералар дээрлик миллионго жакын, же 956 миң 140 жол эрежесин бузууну каттаган. Аларга 631 млн. 429 миң сом айып пул жазылса, айып пулга кириптер болгондордун 55 %ы төлөшкөн. Долбоор ишке киргенден бери Чүй облусунда авариялардын саны 50 %га, Бишкекте 45 %га азайган.
Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-этабында 110 фото жана видеофиксация камералары орнотулган. Алардын 42си Бишкек шаарында. Экинчи этаптын алкагында 306 жерге видео байкоо техникаларын орнотуу пландалган. 
 

Булак: "Майдан.kg" газетасы