Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында «Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду» коомдук фондунун төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, бул жалпы республикалык тынчтык митинги болот. Мындай чечим Түп районундагы жыйында кабыл алынган.
«Бардыгы мыйзам чегинде болот. Эч ким тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган эмес. Биз тынчтык митингин өткөрүүдөн баш тартпайбыз», - деди ал.
Булак: Баракелде