Мындай пикирин бүгүн, 4-февралда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында академик Өмүрбай Нарбеков билдирди.
Ал камактагы мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоп келгенин айтты. Ал белгилегендей, С.Жапаров буга чейин Кумтөр, Каркыра тууралуу маселе көтөргөн.
«Кумтөр Садыр Жапаровдун эле эмес, бүткүл Кыргызстандын иши. Эртең биз абдан жаман акыбалда калабыз. Кумтөрдүн ал-акыбалы бүгүн абдан жаман. Экология бүткөн», - деди академик.
Кыргызстан радиациялуу жерде жайгашканын кошумчалаган Нарбеков: «Бирок буга карабастан Зилалиев [Дүйшөнбек Зилалиев] деген министр уранды казганга 14 жолу лицензия берген», - деди.
Булак: Баракелде