Тергөө кызматы Асель Кодуранованы 9-апрелге чейин үй камагында кармоону суранды. Бул өтүнүчтү сот канааттандырды.

Эске сала кетсек, Асель Кодуранова Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде кылмышка шектелип суракка алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2019-жылдын 28-декабрдагы чечими менен ал 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырылган.

Булак: Elgezit.kg