Ал сотко чейинки өндүрүштүн алкагында №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) 9-апрелге чейин камакта болот.

Буга чейин Канат Сагымбаев 4 кылмыш иши боюнча шектелип жатканын анын жактоочусу Замир Жоошев АКИpress агенттигине билдирген.

«К.Сагымбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, адам өлтүрүүгө катышуу, тергөөгө тоскоолдук кылуу жана массалык баш аламандык уюштуруу фактысы боюнча шектелип жатат», - деген жактоочу.

Канат Сагымбаев 2019-жылы 20-сентябрда кызматынан алынган. Жактоочу Замир Жоошев Сагымбаевдин жумуштан бошотулушун Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганына байланыштуу деп эсептеген. Куттуктоону видео түрүндө А.Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев даярдаган.

Кийинчерээк УКМК Канат Сагымбаев кызматтык дал келбестиги үчүн жумуштан бошотулганын билдирген.

УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Июль айында К.Сагымбаев объектини кайтарбаган учурда атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон.

Булак: Баракелде